Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
Home -- Kyrgyz -- John - 111 (Crucifixion and the grave clothes; Dividing the garments and casting the lots)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
4. Айкаш жыгач жана Ыйсанын өлүмү (Жакан 19:16b-42)
а) Айкаш Жыгачка кадоо (Жакан 19:16b-22)Жакан 19:16б-18 Аскерлер эки ууруну айкаш жыгачка кадаганы жатышкан маалда, Пилат Ыйсаны үчүнчү «кылмышкер» катары алардын колуна салып берди. Аскерлер үчөөнө тең өздөрү кадала турган өлүмдүн жыгачын көтөртүп коюшту. Машайак айкаш жыгачты көтөрбөй койгон жок, жолдон аны таштап салган жок. Үчөө тең айкаш жыгачтарын көтөрүп көчөнү бойлоп, демиккен бойдон жүрүп отурушту. Акыры алар Голгофа деп аталган дөңгө келишти. Бул жер шаар дубалынан бир аз бийигирээк келген, баш сөөккө окшошкон жер болчу. Шаардын жашоочуларына шаардын сыртындагы айкаш жыгачка кадалган адамдар көрүнүп турчу. Жакан айкаш жыгачтагы болгон окуялардын баарын сүрөттөп айтып берген эмес, себеби мындай мыкаачылыкты жазууга анын дити барбаса керек. Ошентип, адамзат Кудайдын сүйүүсүн кабыл алган жок, жана тозоктун жек көрүүсү алардын ичтеринде кутуруп жатты. Алар Рухтан Төрөлгөндү мыкаачылык менен өлтүрүшсө дагы, алардын күнөөсү үчүн Машайактын курмандык иши аткарылып, аларды күнөөдөн сатып алды. Ал шылдың жыгачта алтын таажы кийген жок, бирок басынуунун эң төмөнкү деңгээлине жеткен басынуусу Анын даңкын жана Өздөн баш тартуусун ачып турду. Боорукер, жан-дүнүйөсү таза Ыйса өмүрүнүн акырында да күнөөкөрлөр менен бирге болду. Мына ушул максат үчүн Кудайдын Уулу Адам Уулу болуп төрөлдү. Жолдон адашкан балдары Кудайдын актоосуна ээ болгон балдары болуп калышы үчүн, Ыйса ушуну кылды. Ыйсанын азап туртуусун баалоо үчүн, Ал басынтуунун эң төмөнкү чекитине чейин жетти. Сен ким гана болбогунуң, кандай гана төмөн чөкпөгүн, Машайак сендеги айыптын баарын кечирет жана сени толугу менен ыйыктып, тазалайт. Жакан 19:19-20 Ыйсанын падышалык наамын шылдыңдоо максатында, аскерлер Аны эки кылмышкердин ортосуна айкаш жыгачка керишти. Ошол мезгилде абийиринин соттоосуна карабай, Ыйсаны өлүм жазасына берүүгө чечим чыгарууга мажбурлаган Жүйүт Кеңешмесин Пилат да шылдыңдап жатты. Айкаш жыгачка керилген Ыйсанын баш жагына жүйүттөр салган айыпты жаздырып, илдирип койду. Тактайга жазылып илинген бул жазуу менен Кудай жүйүт элин соттоп жатты, себеби Ыйса чындап эле алардын Падышасы болчу. Ыйса - чыныгы Падыша. Ал адилеттик, сүйүү, жөнөкөйлүк жана момундук менен келген Падыша эле. Ал асманды жана жерди негиздеген. Жүйүттөр өздөрүнүн чыныгы Падышасын өз коомунан кууп чыгаруу менен, өздөрүнө сот жана тозокту тандашты. Ыйса бардык элдин Падышасы, бирок эми ошол элдер айкаш жыгачка Кадалганды бүгүнкү күндө кабыл алып жатабы же четке кагып жатабы? Жакан 19:21-22 Башкы ыйык кызмат кылуучулар Пилаттын шылдыңын жана коркутуусунун маанисин түшүнүштү. Алар өз Падышасынан баш тартышты жана Пилаттын жазып илдирген сөздөргө салыштырмалуу карама-карша келген Ыйсанын алсыздыгын көрүшүп, огобетер Ыйсага кыжырданышты. Ошол жердеги элдер жана ошондой эле келгиндердин баары түшүнүшү үчүн, жана Римге каршы чыккан ар ким ушундай жазага тартыларын билиши үчүн, Пилат үч тилде жаздырды. Ыйса өлгөндөн кийин, 70-жылы жүйүттөр Римге каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Ошондо Иерусалимдин дубалдарын бойлото миңдеген адамдар айкаш жыгачка керилген.
б) Ыйсанын кийимин бөлүштүрүү жана өкчөмө таш ыргытуу (Жакан 19:23-24)Жакан 19:23-24 Машайакты айкаш жыгачка аскан төрт аскердин Анын кийимин бөлүп алганга укугу бар болгон. Жүз башы болсо мындай төмөн ишке барып, өзүн булгагысы келген жок. Ошентип бул төртөө Ыйсанын акыркы нерсесин денесинен жулуп алып, Аны мазакташты. Ошол кездерде, айкаш жыгачка кадалган кылмышкерлерди жылыңачтап, басынтышчу. Бул басынтуу Ыйсанын улуулугун жар салып жатты. Анын токулган чапаны башкы ыйык кызмат кылуучуну чагылдырган. Ыйса – бүт адамзат үчүн арачылык кылган Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу. Мына ушул наам үчүн ал азапка түшүп, кыйноого туш болуп жатат. Ошол мезгилге чейинки миң жылдар мурда чамасында, Забурдун 21 – бөлүмүндө Ыйык Рух айкаш жыгачтагы өлүм тууралуу «Чапанымды өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат» деп так айткан эле. Рух айкаш жыгач тууралуу жана Ыйсанын айкаш жыгачка керилиши бул Кудайдын эрки экендигин ачып жатат. Ыйса айткан: «Асмандагы Атаңардын эркисиз башыңардан бир тал чач да түшпөйт», - деген. Ыйсанын айкаш жыгачка керилгендигин жокко чыгаргандар тарыхый чындыкты гана четке какпастан, бирок ошону менен бирге эле, алар кылым мурда алдын ала айткан Кудайдын Рухунун пайгамбарчылыгын да жокко чыгарган болот. Айкаш жыгачтын алдында турган аскерлер эч тоготушпады, сезип да коюшкан жок. Анын ордуна алар мазакталгандын кийимине көз артышып, талашып жатышты. Алардын жүрөктөрүндө боорукердиктин изи да жок болчу; дүйнөнүн Куткаруучусу ошол жерде канын төгүп жатканын ойлошкон да жок. Бир тууганым, сен Машайак менен бирге айкаш жыгачка кадалдың беле? Анын өлүмүнө ортоктош болдуң беле? Же байлык менен атак-даңктын артынан түшүп кеттиңби? Айкаш жыгачка Кадалганды сүйөсүңбү? Анын өлүмү аркылуу келген Кудайдын адилдигин жана чыныгы ыйыктыкты кабыл алдыңбы? Же айкаш жыгачка Кадалганды караганыңда, аны болбогон бир нерсе катары кайдыгер карап жатасыңбы? Анын өлүмүнө, курмандыгына ортоктош болушубуз үчүн, Ыйык Рух бизди ишеним жана сүйүүсү менен Ыйсага бириктирет. Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, биз үчүн айкаш жыгачты көтөргөнүңө ыраазыбыз. Сенин чыдамың, сүйүүң жана баталарың үчүн Сага табынабыз. Биздин күнөөлөрүбүздү кечиргениңе, деги эле бүтүндөй адамзаттын күнөөсүн кечиргениң үчүн Сени даңазалайбыз. Сен шылдыңдын жыгачында асылып турганыңда, мени күнөөлөрүмдөн тазаладың, адамзатты Кудай менен элдештирдиң. Биздин Куткаруучубуз жана Арачыбыз Өзүңсүң, Ыйса! СУРООЛОР:
|