Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 101 (Jesus intercedes for his apostles)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

3. Ыйса шакирттери үчүн арачылык кылып сыйынат (Жакан 17:6-19)


Жакан 17:6
6 Дүйнөдөн тандап, Мага берген адамдарыңа Мен Сенин ысымыңды ачып бердим. Алар Сеники болчу, Мага бердиң, алар Сенин сөзүңдү кабыл алышты.

Сатып алуу ишин аткарууга Атасы күч бере тургандыгына Ыйсанын көзү жеткенде, жана көптөгөн элдер түбөлүк өмүргө ээ болуу аркылуу Атасынын даңкы тараларын билгенде, бул дүйнөдөн тандап алып, аларды бир ыйык келишим менен бириктирген шакирттери тууралуу Ыйса ойлонуп жатты.

Машайак Кудайдын «Ата» деген жаңы ысымын жар салды. Бул чындык аркылуу бул дүйнөдөн тандалып алынгандар Анын балдары болуп калышты. Жыйындын сыры мына ушунда. Кудайдан төрөлгөндөр өздөрүнүкү эмес. Алар Уулу аркылуу жогорудан төрөлүүнү тартуулаган Кудайга тийиштүү. Эгерде сен Машайакка ишенсең, анда сен Кудайдыкысың.

Кудайдын мына ушундай Аталык табияты жана ишенгендердин Анын балдары болуп калышы шакирттердин Жакшы Кабарга болгон ишенимдеринен жана Ыйсанын сөздөрүн сактагандан улам болуп жатат. Бул сөздөр жок болуп, же сиңип кете турган сөздөр эмес. Дүйнө жүзүндөгү бирден-бир, эң көп басылып чыгуучу сөз бул Кудайдын Сөзү. Жакшылыкты жаратуучулук күчкө ээ кыла турган бул Кудайдын сөздөрү. Атанын сөздөрүн жүрөгүнө сактаган адам Кудайдын күчүнө толот.

Жакан 17:7-8
7 Алар азыр Мага бергениңдин баары Сенден экендигин түшүнүштү. 8 Анткени Мага берген сөздөрүңдү Мен аларга айттым, алар кабыл алышты жана Менин Сенден келгендигимди чындап түшүнүп, Мени Сен жибергениңе ишеништи.

Ыйсанын оозунан чыккан Кудайдын сөзү бузулган жашоону өзгөртүп, куткарууну тааныта турган билимди берет. Ыйсанын жашоосу Анын сүйлөгөн сөзүнө дал келген жана иштерин ошол СӨЗДҮН бийлиги менен ишке ашырган. Анын күчү жана баталары бизге Атабыздын Сөзүнөн келет. Уулу чындыкты Өзүнүн ичине катып алган жок, бирок Өзүнүн бийлигин, күчүн, акылмандуулугун жана сүйүүсүн ушунун баарын берген Атасына арнады.

Ыйса Өзүнө болгон эң кымбат сөзүн тартуулады. Уулу денеде келген Кудайдын Сөзү. Биздин күчүбүздүн сыры мына ошол сөздө. Мына ошол себептен биз сөздүн күчүн сезебиз жана ал аркылуу акылыбыз ачылат. Биз бул сөздөрдү кубаныч менен кабыл алабыз. Жакшы Кабардагы аяттар бизге Ата, Уул жана Ыйык Рухту айырмалай билгенге жардам берет.

Машайактын ушул сыйынуусунда биз качан Ыйса аларды жүрөктөрүнө ишенимдин үрөнүн сепкенде, шакирттери Анын сөздөрүн түшүнүп, кабыл алгандыгын айткан. Кийин шакирттери Ыйсанын сөздөрүн кубаныч менен кабыл алышты. Ошондо Ал шакирттерине Рухун төктү; ошол сөз өсүп, Кудайдын маалында жемиш алып келди. Машайак мурда алдын ала пайгамбарчылык кылып, ишеним аркылуу көптөгөн ажайыптар болорун айткан.

Ыйсанын сөздөрү шакирттеринде ишенимди жаратты. Ишеним деген эмне? Ишеним бул Уулдун Атадан келиши, түбөлүк өмүрдүн чын экендиги, адамдын денесиндеги Кудайдын даңкы, Ыйсанын жектөөгө карабай сүйгөнү, алсыздыктагы Анын күчү, айкаш жыгачта Кудайдан бөлүнсө дагы, Ыйсадагы кудайлык табияты жана өлүмдөн кийинки өмүргө ишенүү. Ишенгендердин ичине Ыйык Рух Куткаруучуну тереңдетти жана ишенгендер Анын денесинин мүчөсү болуп калды. Алар жөнөкөй ишеним менен гана ишенип калышкан жок, бирок жан дили менен ага жабышышты. Ыйсанын «Рухтан Рух төрөлөт» деп айтканындай эле, шакирттер өздөрүнүн кайрадан төрөлүүсүндө Машайактын табиятына тете келүүчү окшоштуктарды түшүнүп калышты. Шакирттеринин денесинде жашаган бул кудайлык күч бул батанын Руху. Ал Ыйсанын сөздөрү аркылуу келет.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, бакубат жашоону жана күч-кубатты тартуулай турган Кудайдын сөзүн бизге бергениңе ыраазыбыз. Сен биздин ичибизге ишенимди жана билимди жараттың. Бизге күч-кубат жана сүйүү бере турган Сенсиң. Сени жана Сени бизге берген Атанын ысымын даңазалайбыз.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса аркылуу Атанын ысымынын ачылышынын мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)