Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 085 (Christ predicts Peter's denial; God is present in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Б – Кечки тамактан кийинки болгон окуя (Жакан 13:1-38)

4. Машайак Петирдин баш таруусун алдын ала айтты (Жакан 13:36-38)


Жакан 13:36-38
36 Шымон Петир Ыйсадан: «Теңир, Сен кайда барасың?» - деп сурады. Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени ээрчип бара албайсың. Бирок Менин артымдан кийин барасың», - деп жооп берди. 37 Петир ага: «Теңир, эмне үчүн мен Сени азыр ээрчип бара албайм? Мен Сен үчүн жанымды берем», - деди. 38 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Мен үчүн жаныңды бересиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин сен Менден үч жолу баш тартасың».

Петирдин тынчы кетип, ал Ыйсанын сүйүү тууралуу айтып жаткан сөздөрүн уга алган жок. Анын болгон түшүнгөнү, Теңири аладрын баарын коркунучтун уюгундагы куугунтукка жана чыккынчылыкка таштап кетип жатканы болду. Ал өзүнүн күчүнө, чечимине жана чын жүрөгүнөн болгон сезимдерине таянды. Ыйсаны ээрчүүнүн баасы канчалык кымбат экенине карабай, ал Устатын ээрчий тургандыгына ишендиргиси келди. Ал өзүнүн алсыздыгын, күчүнүн чектелүү экенин түшүнбөстөн, айтканын ишке ашырууга ишенди. Ал Ыйса үчүн кызганчаактык менен согушууга, атүгүл өлүмгө чейин барууга даяр турду.


В – Шакирттери менен коштошуу (Жакан 14:1-31)

1. Кудайдын Машайактагы катышуусу (Жакан 14:1-11)


Жакан14:1-3
1 Кайгырбагыла, Кудайга жана Мага ишенгиле. 2 Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатамын. 3 Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.

Ыйса аларды таштап кетип жатканын жана алар Ыйса бара турган жакка чогу бара албастыгын угуп, шакирттери тынчсызданышты. Качан Петир өзүнүн шексиз ишенимине таянып, Аны ээрчип барарын талап кылып жатканда, Ыйса Петирдин баш тартаары тууралуу да айтты. Жакында Анын кетээрин, атүгүл өлөөрүн билишкенде, балким кээ бир шакирттери Ыйсаны ээрчип, жаңылыштык кылганы тууралуу ойлонушкандыр. Ошондо Ыйса буйрук берүү менен, аларды коркунучка каршы бекемдеди. Бир гана Кудайга таян, бир гана Кудай бардык убактарда бекем таяныч боло алат жана бардыгы коркунучтан титиреп жатканда, бир гана Ал бекем турат. Ал тынчсыздангандыгыбыз үчүн бизди ашкерелейт. Ишенбестиктен коркунуч басат. Асмандагы Атаң сени алдабайт, таштабайт. Дүйнөнү жеңип чыккан бул сенин ишенимиң.

Ата ишенүүгө татырлык болгондуктан, Ыйса шакирттеринен ошондой деңгээлдеги ишенимди талап кылды. Ал Атасы менен бир. Ата бизге келечекти убада кылган жана Уулу болсо мунун анык экенин тастыктайт. Бул дүйнөдөгү Атанын катышуусу Уулу аркылуу болду. Анын сүйүүсү биздин ишенимибизге татырлык. Анын чындыгы таштан бекем.

Ошондуктан Ыйса өлүмүнөн жана тирилүүсүнөн кийин эмне болорун ачып берди. Бул дүйнөнүн эң чоң сепилинен да алда канча чоң, кереметтүү сепил Кудайда. Кудайдын асмандагы шаары бүт дүйнөдөгү бардык ыйыктарга жете тургандай кеңири шаар. Эгерде сен азыр кепеде жашап жатсаң, анда капа болбо, анткени сенин Атаңдын үйүндө орун кеңири. Ал сен үчүн таза, жылуу жана жарык үй даярдап койгон. Сен Атаңдын жанында түбөлүккө жашооң үчүн чакырылып жатасың.

Кудай Машайактагы ишенгендерди сүйгөндүктөн, аларга орун даярдап койгон. Качан Ыйса асманга кайтып барганда, бул жайларды карап чыгып, дагы акырына чейин даяр кылды. Ал ошондой эле бизге кайра кайтып келүүнү каалайт; Ал бизден алыс болууну каалаба йт. Ыйса ишенгендерди Өзүнө алыш үчүн келет. Ал балдарын күйөө колуктусун сүйгөндөй сүйөт; ошондуктан Ал Жыйынды, Колуктусун, Кудай менен тааныштырат. Ал Кудай менен гана тааныштырып койбостон, Кудайдын үй-бүлөсүндө Колуктусу Ал сыяктуу болушун каалайт. Ошентип биз түбөлүккө Аны менен, Анын коргоосунда жана жакшылыгында болобуз.

Жакан 14:4-6
4 Ал эми Мен кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер. 5 «Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка баруучу жолду кайдан билмек элек?» - деди Томас. 6 Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт».

Ыйса шакирттерине: «Силер Менин кайда бара жатканымды билесиңер жана Кудайга алып бара турган жолду да билесиңер», - деди. Ошондо Томас: «Сенин кайда бара жатканыңды билбей жатсак, анда ал жолду да билбейбиз да» - деди. Ал кайгырып жаткандыктан, алыскы максатты көрө алган жок. Коркунуч Томасты титиретип жаткандыктан, ал оюн топтой албай жатты.

Ыйса: «Кудайга алып баруучу жол Менмин, Менин сүйүүм жана чындыгым асманга алып баруучу чыныгы Мыйзам. Мен адамзаттын үлгүсүмүн. Кудай силерди ошол үлгү аркылуу соттойт. Өзүңөрдү адамзаттын кайдыгер үлгүсү менен аныктабагыла. Кудайга алып баруучу жолго түшкүлө. Мага келгиле, өзүңөрдү Мага салыштыргыла; ошондо өзүңөрдөн күнөөдөн башка эч нерсе таппайсыңар».

Машайак сени коркунучтан коркунучка, кыйынчылыктан кыйынчылыкка түртпөйт. Качан сен жашооңдун эң төмөн чегине жеткениңде, Ал колун сунуп: «Эми Мен сага жаңы чындыкты берем, эски чындык артта калды. Мен сен үчүн курман болдум жана ырайымым менен Жаңы Келишим алып келдим. Сенин күнөөлөрүң кечирилди; сен ишенимиң аркылуу куткарылдың. Мен сени балам кылып алдым. Мен аркылуу сен Кудайга жетүү менен чындыкты аласың. Менсиз сен кыйроого учурайсың».

Балким сен: «Мен мунун баарын уккам, бирок менде ишеним, күч, сыйынуу жана ыйыктык жетиштүү эмес», - деп ойлоп жаткандырсың? Анда Ыйса: «Мен сага түбөлүк өмүр берем; өмүрдүн булагы Менмин. Ишенимиң менен Мага таян, ошондо Ыйык Рухту аласың. Ушул Рухтун ичинде сен бак-дөөлөттүү жашоого жетесиң», - дейт. Машайакка ишенген адам түбөлүк жашайт. Андан алыстаба; Ал сенин өмүрүң. Сен күнөөдөгү өлүмдү тандайт белең, же Машайактагы өмүрдү тандайт белең? Үчүнчү жол жок. Ишенгендердин жашоосу – Машайак.

Машайактагы адам Кудай менен, ал адам Анын мээрман Ата экенин көрөт. Бир дагы дин, философия, мыйзам же илим сени Кудайга жакындатпайт. Муну бир гана Кудай Уулу Машайак кыла алат; Ал аркылуу асмандагы Атаң сага келет. Ыйса Кудайдын жеткилең аяны. Эч ким Атаны Ыйсасыз көрө албайт. Бизге Кудайды билүү артыкчылыгы берилген. Биз Ага бара алабыз, себеби Машайактын сүйүүсү бизди Кудайдын балдары кылып койгон.

Жакан 14:7
7 Эгерде мени билсеңер, Атамды да билесиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», - деди.

Бул дүйнөнүн балдары күнөөлөрүнүн айынан Кудайдан алыс. Бир дагы адам Кудайды өз алдынча биле албайт. Кудайдын жанындай көргөн Уулусуз, бирөө дагы Кудайды тааный албайт. Ал айтат: «Эгерде силер Мени билсеңер, анда Атамды да билген болосуңар». Бирок алар муну билишкен жок. Билим бул илимди түшүнүү гана дегендик эмес, билим бул өзгөрүлүү жана жаңылануу. Кудайдын билими бизде тереңдеп, өмүрдү жаратат. Алданба, диний окутуулар Кудайды таанууну алып келбейт. Жакшы Кабардын жарыгына жол ачсаң, ошол Аны таанытат. Ошондо сен өзгөрүлүп, жарык болосуң.

Таң калычтуу нерсе качан чыккынчылык маалында Ыйса шакирттерине: «Ушул убакыттан тартып силер Мени билип калдыңар. Мен баарынан кудуреттүү, акылдуу, улуу жеңүүчү гана эмесмин, Мен ошондой эле бул дүйнөнүн күнөөсүн жок кылуучу Кудайдын Козусумун. Кудай каары менен силерди күнөөңөр үчүн жок кылбашы үчүн, Менин сатып ала турган өлүмүм аркылуу Өзүн элдештирүүчү Ата катары ачты. Ал силерди ыйыктыкта болууңар үчүн, Анын балдары болушуңар үчүн силерди жазалагандын ордуна, Мени, Өзүнүн Уулун, жазалады».

Айкаш жыгачта Кудай Өзүн Ата катары жарыялады. Кудуреттүү силерден алыс эмес, Ал – сүйүү, ырайым жана сатып алуучу. Кудай сенин жеке Атаң. Мага ишене тургандардан азыр силер гана элесиңер, жана силер гана Кудайдын чындыгын билесиңер. Ушул билим силердин жашооңорду суктанарлык кылат.

Жакан14:8-9
8 Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», - деди. 9 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. «Бизге Атаңды көрсөт», - дегениң кандай?»

Качан Ыйса: «Силер Атамды көрдүңөр жана Аны билесиңер», - дегенде, Филип таң калып: «Жок, биз Аны көргөн жокпуз», - деп айткысы келди, бирок Ал Теңиринин улуулугунан сүрдөдү. Анын ордуна ал: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», - деди. Бул сөздөр Филиптин Ыйса жана Анын кудурети тууралуу сырдуу нерсени түшүнө баштаганын көрсөтүп жатат. Бул сыр болсо Ыйсанын Атасы менен болгон биримдикке байланыштуу. Эгерде Ал кетиши керек болсо, анда алар үчүн Ыйса сыяктуу Кудайдан тапшырма алып жатышканын жана Анын коргоосунда экенин билүү үчүн, аларга Атаны көз ирмемге гана көрүү жетиштүү болмок. Ошондо алар Кудайдын жерин көрүшүп, элдердин үстүндө бийликке ээ болуу менен, аларды айыктырып, жиндерди кубалашмак.

Бирок ушундай суроо аркылуу Филип Ата жана Уул тууралуу ушуга чейин билбегенин мойнуна алып, тобо кылды. Ал ыйыктыкты жана чындыкты түшүнгөн жок. Ыйса аны жемелеген жок, Ал боорукердик менен акыркы түнүндө: «Мени көргөн Атамды да көрөт», - деген улуу чындыкты жарыялады. Бул сөздөрдү айтуу аркылуу Ыйса Өзү менен шакирттеринин ортосундагы көшөгөнү айырды. Кудай ачкысы келген чындыкты бир дагы аян, түш ачып бере албайт, аны бир гана Ыйса ачат. Ал андай деле атактуу болбосо дагы, Андан биз Кудайдын Өзүн көрдүк. Эгерде сен Ыйсаны көрүп кабыл алсаң, анда Кудайды да көрө аласың. Томас дагы бул сөздөрдү укту, бирок түшүнбөдү. Бирок качан Ыйса тирилгенде ал: «Менин Теңирим! Менин Кудайым!» - деп устатынын бут алдына кулады.

Жакан 14:10-11
10 Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. 11 Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле.

Эгерде адамдын жүрөгү Рух аркылуу өзгөрүлбөсө, анда ал Жакшы Кабарды жаттаса дагы анын маңызын түшүнө албайт. Ыйса: «Менин Атамдын ичинде экендигиме ишенбейсиңби? Менин жашоодогу чакырыгым - Атамды даңктоо. Мен Атамдын ичиндемин. Атам болсо Менин ичимде. Анын толук кудайлык касиети Менде жашайт. Мен Ыйык Рухтан төрөлүп, силердин араңарга келип, күнөөсүз жашадым. Атамды түбөлүктүүлүктөн бери билем. Анын билими Менин денеме бүткөн. Ал Аталык мээримин жана жеткилең ырайымын Мен аркылуу ачат».

«Анын күбөлүгү тууралуу Мен далилдеп бере аламын: булар Менин бийликтүү сөздөрүм жана керемет иштерим. Эгерде Атам Менин ичимде экенине ишене албасаңар, анда Мен аркылуу сүйлөгөн Атамдын сөздөрүн уккулачы. Бул сөздөр силерге түбөлүк өмүр, күч жана кайраттуулук берет. Сөздөрүмдү түшүнбөсөңөр, анда Менин иштеримди карагыла; кереметтүү белгилери менен Кудай Өзү силердин араңарда турат. Адашкан силерди Атам Мен аркылуу куткарат. Бир аздан кийин Кудайдын улуу ишин, Мен айкаш жыгачка кадалуум аркылуу Кудай адамзатты Өзү менен элдештирүү ишин көрөсүңөр. Көздөрүңөрдү ачкыла, кулагыңарды жаппагыла. Айкаш жыгачка керилген Менден Кудайды көрөсүңөр».

Сыйынуу: Теңирим Ыйса Машайак, Сенин ырайымың аркылуу мен Сени «Менин Теңирим, Менин Кудайым» деп айта алам. Менин ишенбестигим үчүн, алсыз сүйүүм үчүн кечирчи. Сендеги Атаны көрүү аркылуу Анын сүйүүсүнө толуп, Сен тууралуу чындык жашоомо өлүм эмес, өмүр алып келиши үчүн, Ыйык Рухуң менен менин ички кулагымды ач. Ишеним аркылуу жаңы өмүргө ээ болуу үчүн, Өз даңкыңдын маңызын ишенбегендерге ача көр.

СУРООЛОР:

  1. Машайак менен Кудай Атанын ортосундагы мамиле кандай?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:11 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)