Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 071 (Jesus across the Jordan)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

а) Ыйса Иордан дарыясынын боюнда (Жакан 10:40 – 11:16)


Жакан 11:11-16
11 Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин аларга: «Досубуз Лазар уктап калды, бирок Мен барып аны ойготом», - деди. 12 Шакирттери Ага: «Теңир! уктап жатса, анда айыгат», - дешти. 13 Ыйса Лазардын өлүп калганы жөнүндө айткан эле, шакирттери болсо анын жөн эле уктап жатканы жөнүндө айтып жатат деп ойлошту. 14 Ошондо Ыйса ачык эле мындай деди: «Лазар өлүп калды. 15 Силер үчүн кубанып жатам. Силердин ишенип калышыңар үчүн, Менин ал жакта болгонум жакшы болду. Жүрүгүлө, ага баралы». 16 Ошондо Эгиз деген да ысымы бар Томас башка шакирттерге: «Жүрүгүлө, биз да аны менен бирге өлөлү», - деди.

Лазарды Ыйса «биздин досубуз» деп атады. Ыйса шакирттери менен бирге Лазардыкында көп мейманда болуп кетишчү. Ошондуктан Лазар башка шакирттер менен да дос болуп калган болчу. Ушундан улам, биз Ыбрайымдын наамы «Кудайдын Досу» дегендей эле, Лазарды да «Ыйсанын досу» деп айтсак болот.

Ыйса «уктап жатат» деп анын өлгөндүгүн айткан. Муну менен Ал өлүм жашоонун аягы эмес экендигин айткысы келген. Биздин денебиз өлөт, бирок жаныбыз түбөлүктүү жашайт. Биз ишеним менен Теңирибизде эс алуу таба алабыз. Анын өмүрү аркылуу канагаттанабыз жана Анда эс алабыз. Куткаруучубуз биздеги тирилүүнү ишке ашырып жатканына өз көзүбүз менен күбө болобуз. Биз түбөлүк өмүр сүрөбүз.

«Мен барып, аны ойготом», - деди Ыйса. Ал: «Кудай бизди эмне кылышыбызды билүү үчүн сыйыналы», - деген жок. Ал: «Эми анын үй-бүлөсүн кантип сооротобуз», - деген жок. Жок, досунун өлүмү тууралуу кабар Ага жеткенге чейин эле Ал эки күн боюу Атасы менен сүйлөшүп жаткан. Лазардын тирилүүсү Ага даңк алып келерине ал күнөм санаган эмес. Бул Анын шакирттеринин ишенимин бекемдеп, душмандарына Өзүнүн Машайак экендигин бышыктамак. Ошондуктан Ал чечкиндүү түрдө: «Мен барып, аны тирилтем», - деди. Ыйса эч кандай олку-солку болгон жок, анткени Ал Өзү өлүмдү жеңген Теңир болчу. Ыйсага болгон ишеним бизди бардык коркунучтан бошотот жана бизди өмүргө бекемдейт.

Шакирттери Машайактын жеңишинин маңызын түшүнө алышпады. Алар Лазарды уктап жатат деп элестетишти; ошондуктан алар ал жакка барып аны уйкусунан ойготуунун деле кажети жок деп ойлошту. Анын үстүнө алардын жашоолору да жүйүттөр тарабына өлүм коркунучунда турган эле.

Ошондо Ыйса Лазардын өлгөндүгү тууралуу аларга ачык айтты. Бул кабар шакирттерди да кайгыга салды, бирок ошондо Ыйса: «Мен кубанып жатам», - деди. Бул Кудайдын Уулунун өлүмгө болгон жообу болду. Ал жеңишти жана тирилүүнү көрүп жаткан. Бул өлүмдүн артынан ый эмес, бирок кубаныч келмек. Мына ушинтип, Ыйса түбөлүк өмүрдүн жолдоочуларын чексиз бакытка бөлөйт. Ал- Өзү өмүр; Ага ишенген ар бир адам Аны менен чогу өмүр сүрөт.

Ыйса андан ары: «Боло турган окуяга силер күбө болоруңар үчүн Мен кубанып жатам. Лазар кайтыш болуп жатканында жанында болгон жокмун, ооруп жатканында аны айыктырган жокмун. Акыры ар бир адам өлүмгө туш болот. Бирок Лазардын ишеними жаңы өмүрдүн башатын берет. Ошондуктан жүргүлө, ага баралы», - деди. Бул окуя Ыйсанын адамзатка болгон көз жашын, ыйлаганын көрсөттү. Бирок Ыйса үчүн маанилүү нерсе - Лазарды тирилтүү болчу. Качан биз мүрзөдө жатканыбызда, Ыйса: «Жүрүгүлө, ага баралы», - деп айта тургандыгы үчүн Кудайга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ыйсанын бизге келиши бизге эркиндикти, өмүрдү жана жарыкты тартуулайт.

Ыйсанын шакирти Томас Ыйсаны сүйчү. Ушул жерден ал кайраттуулугун көрсөттү. Качан ал Ыйсанын Лазарга баруу тууралуу чечимин түшүнгөндөн кийин, Ыйсанын Лазарды мүрзөдөн тирилтип чыгуу максатын али түшүнө албаса дагы, ал башка шакирттерге кайрылып: «Биз Ыйсаны жалгыз калтырбайбыз; биз Теңирди сүйөбүз жана Ал үчүн өлүмгө да барабыз, биз баарыбыз Ага байланганбыз», - деди. Бул Томастын акырына чейин ишенимдүү экендигин ырастады.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Ыйса Лазардын тирилүүсү жеңиштүү болорун алдын ала билген?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:52 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)