Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 056 (Jesus the light of the world)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

г) Ыйса – дүйнөнүн жарыгы (Жакан 8:12-29)


Жакан 8:21-22
Ыйса аларга дагы: “Мен кетем, Мени издейсиңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен барган жерге силер бара албайсыңар”, - деди. Ошондо жүйүттөр: “Мен барган жерге силер бара албайсыңар дейт, эмне, Ал Өзүн Өзү өлтүрөбү?” – дешти.

Ыйса бардык тарабынан ийбадаткананын күзөтчүлөрү кайтарып турганын билген. “Менин өлө турган убактым жакындап калды. Мен бул дүйнөдөн кетем, ошондо силер Мени куугунтуктай албай каласыңар. Силер өзүңөрдүн каалаган маалыңарда Мени өлтүрө албайсыңар. Мен өлө турган убагымды Өзүм чечем”, - деп айтып, Ыйса келечектеги боло турган окуянын сырынын терең маанисин көрсөттү.

“Бирок Мен тирилип, таш менен бекитилген мүрзөдөн чыгамын. Силер Мени убара болуп издейсиңер, бирок таппайсыңар. Анткени Мен Атама кайтып барган болом, силер болсо аны билбейсиңер. Силер Мени, Кудайдын Козусун, кабыл алган жоксуңар, адамдардын Куткаруучусуна ишенген жоксуңар. Ошондуктан Күнөөлөрүңөр курган түрмөдө азап тартасыңар”. Ыйса: “Күнөөңөр үчүн өлөсүңөр”, - деген жок. Биздин коомдогу ар кандай күнөөлөрүбүз айыптуу болушубузга себепкер эмес. Айыптуу болушубузга биздин Кудайга болгон мамилебиз жана өзүбүздүн күнөөкөр экенибизге ишенбестик себепкер.

Жүйүттөр Ыйсаны Өзүнүн акыркы сапарга узоосу тууралуу айтып жатат деп түшүнүштү. Алар Ыйсанын Атасына кайтып буруу тууралуу айткан күбөлөндүрүүсүнүн маанисин түшүнбөй калышты. Жүйүттөр Ыйсаны фарисейлерге жана ыйык кызмат кылуучуларга каршы күрөшүп жатып күчү калбай калды деп ойлошту. Ага Өзүнүн жанын кыйгандан башка арга калбай калды. Ал Өзүн жанын кыйгандыгы үчүн Аны тозок менен азап жутуп алабы? Жүйүттөр адил болом деп жатып мындай өлүмгө туш болууну каалашкан жок. Бирок биздин замандын 70-жылында римдиктер Иерусалимди кыйратканда, миңдеген жүйүттөр ачарчылыктан жана үмүтсүздүктөн өз жандарын кыйышкан.

Жакан 8:23-24
Ыйса аларга: “Силер төмөн жактансыңар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, Мен бул дүйнөдөн эмесмин. Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр”, - деди.

Ыйса Кудайдын Падышалыгы биздин жаман дүйнөбүздөн жогору жакта экендигин Ыйса жарыялады. Биз баарыбыз кир ойлорго толгон төмөн жактанбыз, топурактанбыз. Жаман үрөн мындан ары да чирик жемиш берет. Табийгый адам Кудайдын Падышалыгын түшүнө албайт, адам падышачылыктын катышуусун күңүрт көрө алат.

Машаяк бул дүйнөдөн эмес; Анын жаны Атасынан чыккан. Ал Атасынын Падышалыгын географиялык жерге эмес, бирок жогору жакка койгон. Тартылуу күчү канчалык аз болсо, биз ошончолук жогору көтөрүлөбүз. Ушул сыяктуу эле биз канчалык Кудайга жакын болсок, күнөөнүн түнү ошончолук суюлат. Биздин дүйнө - биз качып кете албаган түрмө. Биз Кудайдын сүйүүсүнө моюн сунбаган чөйрөнүн тукумдарыбыз. Жашоолорубуз күнөөлөргө толгон. Кудайга каршы чыккандыктан күнөөлөр жана алсыздыктар туулгандыктан, Ыйса: “күнөөлөр” деп көптүк түрүндө айткан болчу. Биз жарага жана тырыктарга толгон пес оорулуудайбыз. Мындай оорулуу адам тирүү жашап жатса дагы, ал акырындык менен өлө берет. Күнөө мына ушул сыяктуу адамды талкалайт. Биз күнөө жасагандыгыбыз үчүн өлүмгө дуушар болобуз. Эми күнөө деген эмне? Күнөө - бул ишенбестик. Ыйсага жабышкан адам гана түбөлүк жашайт. Кудайдын Уулунун каны гана бизди күнөөлөрүбүздөн тазалайт. Анын күчү абийирибизди тазалап, ойлорубузду тунартат. Ал эми Ыйсадан бөлүнгөн адам өлүмдү тандаган болот. Ал жазаны күтүп жаткан күнөөнүн түрмөсүндө калат. Бир гана Машаякка болгон ишеним бизди Кудайдын каарынан куткарат.

Эми, Өзүнө ишенүүнү талап кылып жаткан Ыйса Өзү ким? Ал: “Бул Мен” (Жакан 6:20 жана 8:24) деп айтуу аркылуу кайрадан Өзү жөнүндө түшүндүрдү. Ошентип Ал Өзү жөнүндөгү баардык күбөлөндүрүүлөрдү жыйынтыктады. Ал Өзүн чындыктын Теңири, тирүү Кудай жана Мусага күйүп жаткан бадалда “Бул Мен” (Мисирден чыгуу 3:14; Ышайа 43:1-12) деп ачылып берген Ыйык Кудай экендигин айтты. Башка бир да жерде куткарылуу жок. Бул эки сөздү ар бир жүйүт билчү, ошондуктан алар бул эки сөздү атагандан, Кудайдын ысымын курулай айткандан коркушкан. Ыйса болсо Өзүнүн ким экендигин эл алдына жарыялады. Ал Кудайдын Уулу – Машаяк гана эмес, бирок ошондой эле Ал – Яхве, чындыктын Кудайы.

Ыйса - Жакшы Кабарды чагылдыруучу. Ал – денедеги Кудай. Ага ишенген ар бир адам өмүргө ээ болот. Ал эми Аны кабыл албаган жана бийлигине каршы чыккан өзүн кечиримден куру калтырат. Ишенүү же ишенбөө адамдын тагдырын чечет.

СУРООЛОР:

  1. Өзүн “Бул Мен” деп атаганга ишенүүнүн мааниси эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:16 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)