Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 039 (The reason for unbelief)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

5. Ишенбестиктин себеби (Жакан 5:41-47)


Жакан 5:41-44
Адамдардан даңк кабыл албайм. Бирок Мен силерди билем: жүрөгүңөрдө Кудайга болгон сүйүү жок. Мен Атамдын атынан келдим, бирок Мени кабыл албай жатасыңар. Эгерде башка бирөө өз атынан келсе, аны кабыл аласыңар. Жалгыз Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-бириңерден даңктоо кабыл алып жатсаңар кантип ишене аласыңар?

Ыйса душмандарынын куралдарын талкалап, аларга жүрөктөрүнүн абалын жана келечектеги тагдырларын көрсөттү. Алардын жаман максаттарын, кара мүртөз мүнөздөрүн ачты.

Ыйса адамдардын мактоосуна муктаж эмес, себеби ал Өз кызматына толук ишенген. Ушул кызматына болгон ишеним кызматынын натыйжасына жетүүдө тыным алган жок. Эгерде даңкталса, Ал бул даңкты Атасына арнаган. «Асмандагы Атабыз, Сенин ысымың ыйык тутулсун, Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун», - деген сыйынууну үйрөтүү менен Ал биринчи Өзүнө эмес, бирок биринчи Атасына сыйынууну үйрөткөн. Ыйса Өзүнө урмат, даңкты издегенден баш тарткан. Атасынын даңкы бул Анын урааны.

Жаратылгандардагы, сатып алуусундагы жана жеткилеңдүүлүктөгү Кудайдын сүйүүсү – жандандыруучу күч. Бул ыйык Үч Бирдиктин маңызынын өзөгү. Мыйзамдын ишке ашырылышы жана жеткилеңдүүлүктүн байланышы ушул сүйүүнү мүнөздөйт. Ушундай сүйүүгө ээ болгон адам өзү үчүн жашабайт. Ал өзүн мактабайт, тескерисинче башкаларды мактап, өзүнөн баш тартуу менен аларга кызмат кылат. Ал колунда болгон нерселерин кедейлерге берет. Сүйүү түбөлүк жашайт.

Эч ким Кудайды өз күчү менен сүйө албайт. Күнөөнүн ыпластыгы менен булганган, бирок күнөөлөрү үчүн тобо кылып, Машаяктагы Кудайдын сүйүүсүнө ишенген адам Пабыл сыяктуу Кудайдын сүйүүсү жүрөктөрүбүзгө Ыйык Рух аркылуу коюлгандыгын далилдейт. Бул сүйүү курмандык кылуу, жөнөкөйлүк, чыдамкайлык аркылуу көрүнөт. Өзүнүн жанын Кудайдын Рухуна ачкан адам ыйык Үч Бирдикти жана бардык адамдарды сүйөт. Ал эми өзүн мактаган жана өзүн жакшы адам катары ойлогон адам чыныгы тобо кылган адам эмес, Ал Кудайдын Рухунун каршылашы. Ал адам табиятында эле өзүмчүл. Ал жаңыланууну эңсебейт, Куткаруучуга муктаж экенин түшүнбөйт, бирок жүрөгүн катууланта берет. Машаяк белгисиз бир кудайдын атынан келген жок, Ал Кудайдын сүйүүсүн жана боорукердигин ачып берүү менен, Атасынын атынан келди. Машаякты кабыл албагандар акылдары Кудайдын сүйүүсүнө жабык экендигин көрсөтөт. Алар жарыкка караганда караңгыны жакшы көрүшөт, ошондуктан жарыкта төрөлгөндөрдү жек көрүшөт.

Машаяк душмандарына Антихристтин мүнөзү жөнүндө, ал тегерегине өзүнүкүн гана издеген өзүмчүлдөрдү чогултуп алып, аларды Кудайдын сүйүүсүнө каршы чыкканга жетектейт. Ал кереметтерди көрсөтөт жана Машаякты туурайт.

Көптөрү ишене алышпайт, алар чыныгы тобо кылуудан көрө, бири-бирине кошоматтанганды артык көрүшөт. Алар өздөрүн жакшы, күчтүү, акылдуу эсептешет. Алар ыйык Кудайдан коркушпайт жана бир гана Кудай жакшы экендигин түшүнө алышпайт. Жеке аракети менен адил болом деген алардын түшүнүгүнүн айынан ишене алышпайт, ал эми текебердик болсо ушул жалган мамиленин белгиси.

Кудайды жана өзүнүн жанын билген адам сынып, күнөөлөрү үчүн тобо кылат, даңкты жана урматты өзүнө эмес, Атасы менен Уулуна берет. Ал куткаруучу ырайымды даңктайт. Биз кечирилген күнөөкөр экенибизди билгенибиз өзүбүздү мактоодон арылтат. Биз өзүбүздүн ким экенибизди жана Кудайдын ким экенин билебиз. Сүйүү досуна чындыкты айтат; текебер адам момундукка үйрөткөн Кудайдын Рухунан четтеп, өзүн да, башкаларды да алдайт.

Жакан 5:45-47
Мени Атасынын алдында айыптайт деп ойлобогула. Айыптоочуңар бар: ал – өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса. Эгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен. Эгерде анын жазгандарына ишенбей жатсаңар, Менин сөздөрүмө кантип ишенесиңер?

Машаяк мыйзамчыл жүйүттөрдүн текебердигин айыптап, сөзүн улантты: «Кудайдын алдында силерди айыптоочу Мен эмесмин, силерди Муса өзү айыптайт. Ал силерди соттой турган Келишимдин Мыйзамын берген. Силерде сүйүү жок жана Мени Мыйзамдын атынан өлтүргүңөр келип жатат. Кудайдан ажырап караңгылыкта тентип жүрөсңөр. Оорулуу адамды ишемби күнү айыктырсам, силерге Кудайдын кылган иши жаккан жок; силер Мени, Кудайдын денеде келген сүйүүсүн жек көрүп жатасыңар. Булар Мессиянын иштери деп түшүнүүдөн баш тарттыңар: силердин рухуңар баш ийбес жана каардуу. Кудай мыйзамды өлүм үчүн эмес, өмүр үчүн берген. Эгерде силер тобо кылууну кааласаңар, анда Куткаруучуну эңсемексиңер. Мыйзам менен пайгамбарлар келе жаткан Бирөөнү жарыялашкан. Силер мыйзамдын максатын бурмалап, Кудайдын Осуяттарын өз эркиңер менен соттогонго чейин бардыңар. Пайгамбарчылыктарды түшүнгөн жоксуңар. Силердеги жаман рух чындыкты түшүнүүгө жол бербейт. Кудайдын Рухун жокко чыгарып, кабыл албай, дүлөй бойдон кала бересиңер. Өжөрлүгүңөрдүн айынан силер Өмүрдүн Сөзүнө ишенбейсиңер», - деди.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса башкалардан айырмаланып, Өзүн даңктаган жок?

II – ТЕСТ

Урматтуу окурман төмөндөгү он тогуз суроонун ичинен он жети суроосуна туура жооп жазып бизге жибериңиз

  1. Эмне үчүн Ыйса ийбадатканага барды жана ал жактагы соодагерлерди кубалады?
  2. Никедимдин кудайчылдыгы менен Машаяктын максатынын кандай айырмачылыктары бар?
  3. Ишенгендердин жогорудан төрөлүшүнүн белгилери кайсылар?
  4. Чөлдөгү жыланга Машаяк эмнеси менен окшош?
  5. Ыйсага ишенбегендер эмне үчүн сотко туш болушат?
  6. Машаяк кандайча колуктунун күйөөсү болуп эсептелинет?
  7. Биз кантип түбөлүк өмүргө ээ болобуз?
  8. Ыйса бизге эмне белек берет? Алардын сапаттары кандай?
  9. Чыныгы табынууга эмне тоскоолдук кылат жана табынууга эмне түрткү берет?
  10. Биз тирүү суу менен кантип сугарылабыз?
  11. Канткенде биз Ыйсанын ишенимдүү орокчулары боло алабыз?
  12. Сарай кызматчысынын ишениминин өсүшү кандай баскычтарды басып өттү?
  13. Бетездадагы шал оорулуу адамды Ыйса кантип айыктырды?
  14. Эмне үчүн жүйүттөр Ыйсаны куугунтукташты?
  15. Кантип жана эмне үчүн Атасы Өз Уулу менен иштешет?
  16. Атасы Уулуна ишке ашырууга берген эки маанилүү кызмат кайсылар?
  17. Ыйсанын бизге түшүндүргөнү боюнча Атасы менен Уулунун ортосунда кандай мамиле бар?
  18. Төрт күбөлөндүрүүчүлөр кайсылар жана алар эмнени күбөлөндүрүшөт?
  19. Эмне үчүн Ыйса башкалардан айырмаланып, Өзүн даңтабайт

Дарегиңизди конвертке жана тест жазган баракка жазыңыз. Төмөнкү дарекке жоопторуңузду салып жибериңиз:

Waters of Life
P.O.Box 600 513
70305 Stuttgart
Germany

Internet: www.waters-of-life.net
Internet: www.waters-of-life.org
e-mail: info@waters-of-life.net

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:03 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)