Бир Куткаруучу жана бир короо кой
Бүгүнкү күндө дүйнөдө 22 000 ар кандай Жыйын бар. Албетте, алардын ар биринин өзүнүн тили, окутуусу, тажрыйбасы жана литургиялары ар башка болуп, биримдикте болбогону өкүнүчтүү. Тышкы уюштуруудагы биримдиктин жетишпегендиги рухий биримдикте суроо туудурбайт.
Жакшы Кайтаруучунун Руху Ага ишенген ар бир адамды жетектейт. Ыйык Рух Аны ээрчигендердин жүрөгүндө жашайт. Алар Анын майлоосун жана түбөлүк өмүрдү кабыл алышкан. Алар Машайактын рухий денесинде бир болушат.
Ыйса кайрадан келгенде, Анын «...бир короо кой, бир койчу болот», - деген убадасы аткарылат (Жкн.10,16).
Бул убада жүйүттөрдөн жана бардык элдердин арасынан Ыйсага ишенип калгандардын чогуу болорун көрсөтөт (Эф. 2,11-22). Биздин улуу ыйык кызматы кылуучубуз Ыйсанын биз үчүн сыйынган сыйынуусу:
ЖАКАН 17,21-23
«Алардын бардыгы бир болушсун. Ата, Сен Менин ичимде болгондой, Мен Сенин ичиңде болгонумдай, алар Биздин ичибизде бир болушсун. Мени Сен жибергендигиңе дүйнө ишенсин. Алар да Биз сыяктуу бир болуш үчүн, Мага берген даңкыңды аларга бердим. Алардын ортосунда толук биримдик болушу үчүн, Сен Менин ичимде болгондой, Мен алардын ичинде болоюн. Мени Сен жибергендигиңди, Мени кандай сүйсөң, аларды да ошондой сүйөрүңдү дүйнө билсин».