Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 006 (Life with God in His Spirit)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Кудайдын ичинде жана Анын Рухунун жетегинде жашоо


ЗАБУРЛАР 23,5
«Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторокон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып ташып төгүлүп турат».

Элестетип көрчү, сени бир падыша өзүнүн сарайына тойго чакырды дейли. Сен майрамга кие турган кийимиңди кийип, сүйүнүп жолго чыктың. Падышанын сарайына келип, той боло турган, чоң, жарык залга кирдиң. Падыша келгенче күтүп отурдуң. Анан ал кирип келе жатып, сени менен жекече саламдашты. Көптөр ээ болбогон урматка ээ болуп, аны менен бир дасторкондо сүйлөшүп отурдуң. Капысынан: «Согуш! Душмандар келе жатат! Бардыгыңар куралдангыла! Сепилге жакындап калышты!» - деген жагымсыз, ачуу кыйкырык угулду. Согуш башталды. Душмандар сепилди курчоого ала баштады. Сен майрамга кийген кийимиңди айрып, согушка аттанганда, эч нерседен кам санабаган падыша жылмайып, ийниңе колуп коюп: «Отура бер! Эч кам санаба! Мен бул жердемин. Бул менин ишим. Мен сени майрамга чакыргам. Бизге эч нерсе тоскоол болбойт, азыр биз майрамдашыбыз керек. Жейли, ичели, көңүл ачалы», - деди. Эгерде сен: «Ооба, мырзам, бирок душмандарчы?» - десең, анда ал: «Тынчтан! Мен бул жердемин. Менин падышачылыгым сен ойлогондон да күчтүү. Мейли, душмандар биздин тегерегибизде күүлдөй беришсин. Алар бизге кире алышпайт», - дейт.

Душман сени да Кудай менен болгон тыгыз мамиледен ажыратууну каалап, тынчтыгыңды бузганда, жогорудагы окуяны эсте. Кудай сенин жаныңда, эч тынчсызданба. Кудуреттүү Кудай сени менен. Бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да эч бир күч сени Анын колунан жулуп кете албайт.

Элиша кулуна: «Тигилердикине караганда, биздикилер көп», - деп айткан (Пад. 6,16). Ал Теңирге кулунун көзү ачылып, тегерегиндеги бүт тоо оттуу майдан арабалар менен аттарга толуп калганын көрсүн деп сыйынганда, Теңир анын көзүн ачкандай, сенин да көзүңдү ачсын. Ошондой эле сага да Кудуреттүү: «Эч кам санаба, отура бер, же, ич, эч нерседен кыжаалат болбо. Мен сени мененмин», - дейт. Эгерде душмандар Кудайдын чебине жаныкдап келишип, сени тытып салчудай болгон каткырган үндөрүн уксаң да, Кудайды кара. Ал сага: «Кайраттуу бол, коркпо. Мен дүйнөнү жеңгем. Мен кудуреттүүмүн, эмне үчүн шектенесиң? Мен сени куткарып алдам, Мен сени өз атың менен чакырдым, сен меникисиң (Ыш.43,1). Эч ким сени Менин колумдан тартып ала албайт!» - дейт.

Мүмкүн, душмандарың сени куугунтукташар. Алар куулук кылып, кээде орой мамиле кылышар. Сен алардын тез эле көбөйөрүн билесиң. Бирок үрөйүңдү учурбай, тынчтанышыңды Теңир каалайт, анткени кудуреттүү Кудай сени менен, Ал сени тойго катышып кетүүң үчүн чакырган. Сен Анын тандалган коногусуң.

Асман менен жер жок болуп кетсе да, сен үрөйүңдү учурбашың керек, анткени тирүү Кудай сени менен (Мт.24,35).

Эч ким өзүнөн өзү мындай ишеним менен айта албайт. Биздин ичибиздеги Кудайдын Руху гана бизге ушундай ишенимди жарата алат. Падыша Дөөт бул сырды билгендиктен:

ЗАБУРЛАР 23,5
«Сен менин башымды зайтун майы менен майладың»,
- деп жатат.

Байыркы Келишимде ыйык кызматчылар, падышалар жана пайгамбарлар жыпар жыттуу зайтун майы менен майланышкан. Бул Кудайдын Рухун кабыл алгандыктын белгиси болчу жана анын бедели менен акылмандыгы, күчү менен сүйүүсү майланган адамда жашап, аны Кудайдын элин жетектөөгө жөндөмдүү кылган. Ыйса биринчи майлангандардан эмес. Ага чейин эле Кудайдын Руху менен майланган, Кудайдын сөзүн таратып, Анын иштерин аткарган «жиберилгендер» болгон. Бирок Ыйса Өзүнөн мурун келген адамдар сыяктуу кайсы бир адам тарабынан майланган эмес. Ага кызмат да, күч да, бийлик да Кудайдан берилген.

Ал : «Теңирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жүрөгү жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын көзүн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга, Теңирдин ырайым кылуу жылын жарыя кылууга жиберди», - деп айткан (Лк. 4,18.19). Ыйса Машайак дүйнөнү Кудай менен элдештирип, Атасына барып, ырайымды орноткондон баштап, адамдарга Ыйык Рухту төккөнгө укук алды. Ыйсаны кабыл алган адам Ыйык Рухту бекер эле алат. Анын короосуна кирген адам кубанычтын майы менен майланат, Ага ишенген адам адилет, жакшы жана бактылуу болот.

Ыйык рух менен майлануу – бул чыныгы машайакчылардын күчү. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес, «Кудайдын Рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары – Кудайдын балдары!» (Зим.8,9.14). Кудайдан Ыйык рухту сура. Ошондо сенин абийириң тынч, жүрөгүң таза, көңүлүң куунак, жашооң Кудай үчүн курмандык болот. Жакшы Кайтаруучудан сени Өз үйүрүнө кабыл алуусун сура, ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң. Машайак Өзүнө ишенгендерди Ыйык Рух менен майлагандыктан, алар майлангандар болушат, Курандын 57-27-сүрөлөрүндө: «Биз Аны (Мариямдын Уулун) ээрчигендердин жүрөгүнө ырайымдуулукту жана боорукердикти салабыз», - деп айтылат. Бул майланууну Машайакты ээрчигендер гана алышат.

ЗАБУРЛАР 23,5
«Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат»

Жаш забурчу дагы эле Кудайдын тоюн сүрөттөөдө. Бардык белектер ашыгы менен; кемчилик да, коркунуч да жок. Бул сөз машайакчылар шарапты көп ичиши керек дегенди билдирбейт. Элчи Пабыл: «Шарап ичип, мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Ыйык Рухка толгула», - деп жазат (Эф.5,18). Толо чөйчөк – бул Ыйсаны ээрчигендер кабыл алуучу Рух. Машайакчылар Ыйык Рухка өздөрү гана жеткидей эмес, башкаларга да жете тургандай болуп толушат. Ырайым ашыгы менен көрсөтүлдү. Кудайдын батасы эч качан түгөнбөйт. Падыша түбөлүккө ишенимдүү! 22-забурдагы убадаланган чөйчөк Жаңы Келишим учурундагы күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн Ыйса түзгөн келишимди бекиткен чөйчөктү көрсөтөт (1 Кор. 11,25). Машайакчылар жакшы Кайтаруучуну ээрчүүдө күн сайын тазаланып турууга муктаж. Алар бардык адамдарга ырайым аркылуу куткарылуу жөнүндө айтышат, көпчүлүк адамдар жүрөктөрүнүн айыгууга муктаж экендигин сезиши керек.

Ышайа пайгамбардын китебинде убада кылынгандай, жүрөктүн түпкүрүндө катылып жаткан эң жаман күнөөлөрдү Ыйса Машайак жок кылууну каалайт: «Эгерде силердин күнөөлөрүңөр... болсо, Мен аны аппак кардай агартам» (Ыш.1,18).

Сенин күнөөлөрүң кечирилгенби? Сен күнөөлөрүңдөн бошонгонсуңбу, же куткарылганыңа шектенесиңби? Өткөн күнөөлөрүң эсиңе түшүп жатабы, же жаштыктын кумарлары азгырабы? Ыйса Теңир сени бардык күнөөлөрүңдү жөн эле кечирип, жүрөгүңдү тазартууну убада кылат. Куткарылуу чөйчөгүнөн ич, Ыйса Машайактын каны сени тазалап, түбөлүк өмүр берет. Сага Өзүнүн күчү менен ыйык жашаганга күч берет.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:37 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)