Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 005 (The Good Shepherd will not desert you in mortal danger)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Жакшы Кайтаруучу өлүм коркунучу туулган учурда сени жалгыз таштабайт


ЗАБУРЛАР 23,4
«Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө бара жатсам да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен Койчу таягың жанымды тынчтандырат».

Биз азыр бейишке кире элекпиз. Жырткыч иттер, чөөлөр, кырашкырлар жана арстандар кол салганда койлор өлүм коркунучуна дуушар болгондой эле, ишенген адамдар да жаман рухтардын, оорунун, согушту жана тарыхый өзгөрүүлөрдүн таасиринин астында кээ бирде чоң муктаждыкка кириптер болушат. Ким согуш коркунучун башынан өткөргөн болсо, жер титирөөгө кабылган болсо, сүйүктүү апасынын же таянган, камкор атасынын өлүмүн башынан кечирген болсо, же тирүү калар-калбасын билбей, операцияга кирген болсо, анда ал өлүм коркунучу эмне экенин жакшы түшүнөт. Өлүм коркунучу туулганда, койлор үйүлүп, кайтаруучуга умтула башташат. Кыйын учурда алар аябай коркушат. Эгерде ар кандай догматикалык талаш-тартыштарда, бөлүнүүлөрдө ишенгендер сыйынып, бири-бирин кабыл алып сүйсө, бул нерселер эч кандай мааниге ээ болбой жок болмок.

Ар кандай кыйынчылык Куткаруучунун сөзүн укканга үйрөтөт. Анын сооротуучу сөздөрү жана убадалары, ошондой эле түн ичинде чакырган үнү эле койлорду тынчтандырат. Аларды үн салып чогултуп, Сөзү менен сактайт. Алардын жанында болуп сооротот.

Так ушундай оор абалдарда койлор Куткаруучусунун өздөрүнүн жанында экендигин билишет. Биз жалгыз эмеспиз. Буга чейин ар бир кой өзүнчө оттоп, Кайтаруучуга көңүл бурган эмес. Кыйынчылык учурда койлор Кайтаруучунун өздөрүнүн жанында экенин билишет. Анын аброю аларды сооротот. Өзүнүн жашоодогу тажрыйбасынан улам Дөөт пайгамбар забурунун стилин өзгөрткөн. Буга чейин ал Жакшы Кайтаруучунун кам көрүүсүн жана жетектөөсүн даңктап, өлүм коркунучу туулганда жана кыйналган учурларда сыйынууларын жазган болчу. Андан ары ал Кудайга үчүнчү жакта кайрылбайт. Ал Ага жекече кайрылат. Ал адам болуп туруп, улуу Кудайга:

ЗАБУРЛАР 23,4
«Сен мени мененсиң!»
- деп жатат.

Сыйынуунун жөн эле кыйкырык эмес экендигин Дөөт билген. Асман менен жердин Жаратуучусу, түбөлүктүү Кудай Өзүнө ишенгендердин сыйынуусун угат.

Мусулмандар: «Силер Кудай мени менен сүйлөшөт, мени угат, мага жооп берет деп, кантип айтасыңар? Бул деген – текебердик! Кудай деген улуу! Ал жер бетинде жөргөлөп, бири-бири менен согушуп жүргөн эки буттуу, алты миллиард кумурскага кызыкпайт. Ал кимди кааласа, ошону угат. Бирок Ал силердин бирөөңөргө да жакын келбейт. Алла ким, силер кимсиңер?» - деп бизге каршы болушат.

Дөөт пайгамбар да, Байыркы жана Жаңы Келишим учурундагы адамдар да көптү билишкен. Алардын ар бири: «Кудай Ал мага жакын жана мени эч качан калтырбайт. Ал менин жанымда, мага келет», - деп толук ишенишкен. Бул нерсе күнөөнүн кечирилгендигин билдирет. Эми күнөө күнөөкөрдү ыйык Кудайдан бөлүп турбайт. Теңир күнөөкөрлөр үчүн сот катары эмес, Куткаруучу жана Кайтаруучу катары келди. Юридикалык жактан караганда, Кудай Өзүнө ишенгендер менен келишим түздү.

Сыйынуучу: «Сен түбөлүктүү жана ыйык болуп туруп, мендей күнөөкөргө, өлүмгө бара жаткан адамга бооруң ачып, ырайымың менен мени тандап, мени менен ыйык жана түбөлүк келишим түздүң.

Менин ишенимсиздигим Сенин ишенимдүүлүгүңдү токтотпойт, менин ишенимимдин, сүйүүмдүн, үмүтүмдүн жетишсиздигин Сенин ак көңүлдүгүң жеңип чыгат», - деп мойнуна алат. Тирүү Кудайга: «Сен мени мененсиң!» - деп айта алган адам бактылуу. Ал рухий өлүмдү жеңип, түбөлүк өмүрдү Кудайдан кабыл алганына толук ишенет. Бул бузулган дүйнөдө жүрөгүнүн таза экендигин билет. Анын абийири таза же адил болгондуктан эмес, Кудай Өзүнүн адилеттигин ага эсептегендиктен, ал дайыма жана түбөлүктүү таза.

Ар бир адамдын жашоосунда кайсы бир учурларда: автомобиль кырсыгына учураганда, катуу ооруга чалыкканда, ачка болгондо коркунуч болот. Коркунуч – бул табийгый нерсе. Коркуп жашаган адам кайраттуулугун жана үмүтүн жоготот. Коркунучка баш ийген адам айыптуу болот. Койлор коркуп жөн эле биринин артына бири чуркай берет. Бирок Кайтаруучу аларды чакырып, бир жерге чогултат. Так ушундай коркунуч туулганда, Ал Өзүнүн беделдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн көрсөтөт. Пайгамбар: «Өлүм коркунучу туулган учурда да Сен мени мененсиң», - деп айткан. Ал ишеним менен Кайтаруучуга жабышып, Андан кеткен эмес. Ушул сөз менен ал Жакшы Кайтаруучунун жүрөгүнө кирген. Ал Анын ырайымын жана кечиримин билген. Бул келишимди ал ишеним менен сыйынган сыйынуусу аркылуу бекемдеген. Бул забурдун сөздөрү көптөгөн адамдарга кыйынчылык учурунда сооронуч, өлүм коркунучу туулган учурда күч берет жана мындай ишенимге жетелейт: «Ыйык Кудай, жакшы Кайтаруучу, Сен менин жанымдасың. Мен кайсы жерде болсом да, ички жана сырттан келген ар кандай кыйынчылыктарга туш блсом да, Сен гана мени таштабайсың».

«Сен мени мененсиң» деген жүрөктөн чыккан чакырык – бул ишенимдин чырагы. Бул өлүм көлөкөсү баскан жерде үмүтсүз бара жатканда, капысынан сооронуч болуп, жаркыраган абтомобилдин жарыгындай түн ичинде жарык берет. Бул убада – бизди түбөлүккө кармап туруучу якорь. Мындай ишенимге күчтүү, ден-соолугу чың, бай жана такыбаа адамдар гана ээ болбостон, чарчаган, алсыз, оорулуу, кембагал, басынтылган, четке кагылган адамдар да ээ боло алат. Алар: «Кудай, Сен биздин жалгыз сооротучубузсуң жана жардам берүүчүбүзсүң. Мээримге толгон жана бизге жакын болгон Кудай, Сенден гана үмүттөнөбүз, биздин күчүбүз да, жардам берүүчүүз да Сенсиң», - деп айта алышат жана күбөлөндүрүшөт.

Бул күбөлөндүрүү аркылуу өлүм талкаланат. Кудай бизге түбөлүк өмүр берүү үчүн, биз менен түбөлүккө чыныгы келишим түзгөн. Кудай болгон жерде шайтан тура албайт, ырайымдуу Кудай тандап алган алсыздарга сот болбойт. Өмүрүң бүтүп, өлүм босогосунда турганда, эмне кылууну билбей, титиреп турсаң, анда забурчу сага: «Коркпо, соорон! Сен жалгыз эмессиң, Теңир сенин жаныңда. Ал сени оң колуңдан жетелеп, түбөлүктүү жолго салат. Алсыз болуп андан ары жүрө албай калганыңда, Ал сени көтөрүп, Өзүнүн жанына түбөлүк өмүргө алып барат», - дейт.

Ким Кудайга ишенип жүрүп өлсө, ал андан ары жашайт. Кудайсыз жашап жүрүп өлгөн адам үрөйдү учурган, коркунучтуу жайга барат.

Кудайдын ырайымы менен бардык күнөөлөрдүн кечирилгендигин билген жана Аны тааныган адам өлгөндө, мүрзөдө да Кудай менен экендигин билет.

Шайтан жана анын жиндери бизге чабуул жасайт, бирок Кудай биз менен, оорулуу адам балдакка таянгандай, биз да Анын убадаларына таянабыз, Анын сөзү бизге үмүт берет. Кудайдын сөзү өдүмдөн да күчтүү. Ал бизди ойготот жана сактайт. Анын ыйык периштеси бизге үй жасайт. Анын бийлик таягы менен кайтаруучу таягы бизге жол ачат. Дүйнө шайтандын таасирине толуп турса да, баары ач карышкырдын үйүрүндөй болуп, оң жактан, сол жактан, жогору жактан, төмөн жактан чабуул койсо да, биз коопсузбуз. Кудай биз менен! Анын сөзү тозоктун күчүн талкалап, бизди бошотот. Падыша жана пайгамбар колдонгон сөздү Жаңы Келишимден кездештиребиз. Ал Кайтаруучунун бийлик таягы же Кайтаруучу таягы тынчтандырары, сооротору жөнүндө айтат. Ыйса Машайак Ыйык Рухтун биздин Актоочубуз жана Сооротуучубуз экендигин ырастаган. Ыйык Рух бизди Кудайдын сооротуусу менен сооротот. Ал – Кудайдын жарыгы, өмүрү жана күчү. Ал – Ыйса Теңирге ишенгендердин ар биринде жашоочу Кудайдын табияты. Ичинде Кудайдын Руху жашаган ар бир адам сооронуп эле калбастан, түбөлүк да жашайт. Кудайдын Рухун кабыл алуу - бул түбөлүк өлүмдөн түбөлүк өмүргө, көңүл калуудан сооронууга, коркунучтан кубанычка өтүү. Дөөт Кудайга тобо кылып кайрылган сыяктуу Кудайдан таза жүрөк жана жаңы рух сурап: «Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла. Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба» (Забур 50,12-13) – деп кайрылсаң болот.

Эгерде сен ишеним менен ушинтип сыйынсаң, сенин өткөн жашооң, азыркы жашооң жана келечегиң тазаланып, тирүү Кудайдын алдында ыйык болсуң. Өзүңдү текшерип көр, Кудайдын Руху, ыйык Сооротуучу сенде жашайбы? Эгерде сен шектенип жатсаң, анда Анын сөзүнө ишенип, Андан боорукердик сура. Ошондо Ал сага күнөөлөрүңдүн кечирилгенине толук ишеним жана Өзүнүн сооротуучу Рухун ырайым менен белек кылат. Ошондо сен бирөөнүн: «Кудай сени менен», - деп айтканына мактаж болбой каласың, Кудай сенин ичиңде экенин, б.а. сенин ичиңде үй курганын билесиң, забурчунун «Сен менин жанымдасың» деген сөзүн сен да айтасың.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)