Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 125 (Conclusion of John's gospel)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

4. Жакан жазган Жакшы Кабардын тыянагы (Жакан 20:30-31)


Жакан 20:30-31
30 Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок. 31 Булар болсо Ыйсанын Кудай Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды.

Ушул бөлүмдүн аягында Жакан өзү жазган жыйынтыкка келип жетебиз. Бул сырдуу жазуучу жана жакшы кабарчы Кудайдын жарыгы караңгыда жангандыгын, бирок караңгылык аны тааныбагандыгын жарыялады. Бирок Ага ишенип, кабыл алган ар бир адамга Ал Кудайдын баласы болгонго укук берди. Улуу жакшы кабарчы бизди Ыйса менен жекече болгон ыйык мамилелешүүнүн тереңдигине алып барды. Биз Ыйсага ишенип, Анын ичибизде жашап жатканын көрүшүбүз үчүн, бизге ал Машайактын өлүмүн жана тирилүүсүн баяндап берди.

Акырында жакшы кабарчы бизге өзүнүн кабарынын маңызын жана максатын түшүндүрүү үчүн негизги төрт принципти орнотту.

Жакан Ыйсанын бардык сөздөрү менен иштеринин баарын китеп-китеп кылып жазган жок. Андай боло турган болсо, ал бир нече том жазмак. Ал эч нерсе тең келгис Ыйсанын инсандыгын баса белгилеген өзгөчө белгилерин жана окутууларын тандап жазган болчу. Анын жазуусу адамдын аң-сезиминин кийлигишүүсүз келген аяндай болгон эмес, же Кудайдын Рухунун айтканын сөзмө сөз жазгандай эмес болчу. Тескерисинче ал жоопкерчиликтүү түрдө Ыйык Рухтун түрткүсү алдында өзгөчө окуяларды тандап, дүйнөнүн күнөөсүн мойнуна алып, курмандык болгон Кудайдын Козусун өзгөчө сүйүү менен сүрөттөгөн.

Жакан Жакшы Кабарын бизге жөнөкөй, бирок жек көрүндү болгон Назареттик Ыйса убада кылынган Машайактын Өзү экендигин жана ошол эле маалда, Ал Кудайдын Уулу экендигин таанытты. Мына ушул эки наам менен Ал Эски Келишимдин доорундагы Жүйүттөрдүн көксөгөнүн ишке ашырды. Ошону менен бирге, Ал Дөөттүн убадаланган Уулун айкаш жыгачка кадаган Өзүнүн элин соттоду. Адам Ыйса чыныгы Машайак Ал Кудайдын Уулу экендигин далилдеди. Кудайдын улуу сүйүүсү жана кынтыксыз ыйыктыгы биз жемелегендей, же жокко чыгаргандай жөнөкөй нерсе эмес. Жакан Ыйсаны өзгөчө даңазалаган. Анын Ыйсанын бизге сүрөттөп берүүсү эч нерсеге салыштырылгыс, жана бул аркылуу биз адамдын денесинде келген Кудайдын Уулунун сүйүүсүндө, Анын балдары катары эркелеп, куунап жашай ала турганыбызды түшүндүрүүнү Жакан каалаган эле.

Жакан бизден бул көз карашты кабыл алып гана тим болууну эмес, бирок эң негизгиси, Кудайдын Уулу менен терең байланышта болуубузду каалаган. Ыйса Кудайдын Уулу болгон сымал, эми Кудай биздин да Атабыз болуп калды. Эгерде Кудуреттүү биздин Атабыз болуп жатса, демек ал көптөгөн балдарын түбөлүк өмүр менен толтура алат. Машайактын каны, жана биздеги Руху аркылуу келген жаңы жашоо Жакандын жакшы кабарынын негизги максаты. Сенчи, бир тууганым? Рухий жактан төрөлдүңбү?Же дале болсо күнөөдө өлүк бойдон жүрөсүңбү?Кудайдын өмүрү сенде жашап жатабы? Же Анын Ыйык Рухунан куру кол калдыңбы?

Экинчи төрөлүү Кудайдын Уулуна болгон ишенимден келет. Ага ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул өмүр Ага болгон ишенимдин негизиндеги түбөлүк мамилелешүүдөн келет. Ыйсада жашаган адамдын ичинде Ыйса Өзү да жашайт. Мындай ишенген адам Рухта жана чындыкта өсүп, андагы ыйык жашоонун жемиштери мол болуп төгүлүп турат. Түбөлүк өмүр бул башкалар дагы сүйүүгө батып, алар да Ыйсанын ичинде, Ыйса да алардын ичинде дайыма жашашы үчүн, аларды Ыйсага болгон ишенимге жетектей турган бул Кудайдын сүйүүсү.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Өзүңдүн жакшы кабарчың Жакан жазган кабарың үчүн ыраазыбыз. Ушул өзгөчө кабарың аркылуу биз Сенин улуулугуңду жана чындыгыңды билдик. Кубаныч менен биз Сага табынабыз, анткени бизди Өзүңө болгон ишенимге жетектедиң, ырайымың менен бизге жаңы төрөлүү бердиң. Бизди Өзүң менен жеткилең мамилелешүүгө өзгөрт, осуяттарыңды сактоо менен Сени сүйө билели. Эл алдында Сенин ысымыңды ачык күбөлөндүрөлү, ушул аркылуу биздин досторубуз Сага ишенип, ишеним аркылуу бакубат өмүргө ээ болушсун.

СУРООЛОР:

  1. Жакан өзү жазган Жакшы Кабарынын акырында чыгарган тыянагынын негизги ою эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:12 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)