Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 124 (Jesus appears to the disciples with Thomas)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

3. Ыйса шакирттер менен чогу турган Томаска да көрүндү (Жакан 20:24-29)


Жакан 20:29
29 Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу. – деди.

Томас Ыйсанын жарааттарына колу менен тийген соң ишенгендигин, же көрүп эле ишенгендигин билбейбиз. Ишенбестиги жана кайратсыздыгы үчүн Томас уялгандыр. Ыйса Томастын ишенимин көзү менен көргөндөн кийин ишенүү деп атады, бирок Теңир ишенимдин жогорку баскычын кургусу келди: бул көз менен көрбөй туруп, Анын сөздөрүнө эч шектенбестен ишенүү. Ишенимин бекемдөө үчүн түштү, аянды жана көрүнүштү каалаган адам ишенимде али жаш, жетиле элек, ал туура калыптанбаган адам. Бирок ошентсе дагы, өтө керектүү маалда Ыйса шакирттерине бир нече жолу көрүнүп, алардын ишенимдерин бекемдеди.

Ыйсаны көрбөй туруп ишенгендер Анын батасына ээ болушат, бакытка толушат. Заматта болуп өткөн көрүнүшкө караганда, чыныгы ишеним улуу күчтү туудурат. Кудайдын Сөзүнө болгон адамдын ишеними көзгө көрүнбөгөн Сүйлөөчүнү урматтаган болот.

Ыйса бир нече жолу көрүнгөндөн баштап, жакшы кабарчылар жана элчилер бизге Жакшы Кабарлар менен Элчилердин Каттарында бизге муну кабарлай башташкан. Ыйсанын тирилүүсү менен жаңы доор жар салынып, ишенгендердин жүрөктөрүндө Кудайдын өмүрү өркүндөй баштады. Биздеги ишеним жөн гана көз караш, же ой-толгоо эмес; бул тирүү өмүр жана өлүп тирилген Машайак менен ширешкен жашоо. Бул биздин замандагы керемет; миллиондогон адамдар Ыйсаны көрбөсө дагы ишенишет, анткени ишеним аркылуу алар түбөлүк өмүрдүн күчүнө ээ болушат.

Көптөгөн ишенгендер туугандарын, оокат-жайларын, атүгүл өмүрүн да жоготушат. Алар Машайактын Сөздөрүнө болгон ишеним логиканын чегин ашып өткөн ишеним аркылуу чындыкка ээ болушту. Мындай ишенимди Ыйса Өз Сөзү менен, жана ишенгендердин жашоосуна келип кирүүсү менен, муну аларга сыйлык катары ыйгарат. Ишеним бүтүндөй табиятыбызды камтып, бизди Куткаруучу Ыйсага бириктирет.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биздин ишенимибиздин негиздөөчүсү Өзүңсүң. Бизди сүйүп алдың. Сенин чындыгың бизге Сөзүң аркылуу келет. Мени куткарарыңа мен эми ишенем. Менин досторумду да куткарасың, алардын жандандырасың жана алар түбөлүк өмүргө, чексиз кубанчкы ээ болуусу үчүн, Өз ысымың аркылуу мени тирүү ишенимге бекемдейсиң.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса көрбөй ишенгендерди «бактылуу» деген?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:11 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)