Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 094 (The world hates Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

3. Дүйнө Ыйсаны жана Анын шакирттерин жек көрөт (Жакан 15:18 – 16:3)


Жакан 15:26-27
26 Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт. 27 Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар.

Дүйнөнүн жек көрүүсүнө жана Кудайдын Уулун айкаш жыгачка кадаганына Ыйык Үч Бирдиктин жообу кандай болду? Ал буга Ыйык Рухту жерге жиберүү менен жооп берди. Рухтун келиши бүгүнкү күнгө чейинки керемет. Рухтун жерге келиши Кудайдын бул дүйнөгө киришин көрсөтөт, анткени Ал Атадан чыккан жана Ал табияты жана маңызы боюнча Ата менен өтө терең мамиледе. Ал дүйнөнүн куткарылышын каалайт. Рух дүйнөдөгү жамандыкты соттоп, ар кандай ыпластыкты ачыкка чыгарып, бизди Кудайдын ыйыктыгына умтултат. Анын шакирттеринин ичинде болушу качан дүйнө текебердикке, кежирлик жана жалганчылык менен думуктуруп жатканда, аларды момундукка, өздөн баш тартууга чакырат. Эң башкысы, Ал дүйнөнүн жамандыгын ашкерелей турган чындыктын Руху.

Ошондой эле, шакирттерге Ыйсаны Кудайдын Уулу экендигин жана куткарылуу ишин акырына чейин чыгара тургандыгына ишендирүү менен, аларды тынчтандырат. Сооронуунун Руху биздин рухубузга Ыйсаны күбөлөндүрүүгө, Уулунун сүйүүсү аркылуу Кудайдын Өзүн көрүүгө жардам берет. Ыйык Рух болбогондо, биз чыныгы ишенимди түшүнө алмак эмеспиз. Биз, ишенгендер, Теңирибиз Ыйса Машайакка өз дареметибиз менен, өз күчүбүз менен ишене албастыгыбызды, Ага келе албастыгыбызды билебиз. Мунун баарын Жакшы Кабар аркылуу бизди чындыкка чакырып, жөндөмдүүлүктөрү аркылуу бизди жарыктандырып, чыныгы ишеним менен тазартуу аркылуу бир гана Рух кыла алат. Ал бардык Машайакчыларды чакырат, бириктирет, жарыктандырат жана Машайакта ыйык кылат. Ал ишенгендерди бир чындык аркылуу бир ишенимде ширетет. Ыйык Рух биздин күбөлөндүрүүбүздү таасирдүү кылат. Эгерде адамдарга Машайак тууралуу айтып бергиң келсе, анда өз түшүнүгүңө жана тажрыйбаңа таянба. Өзүңдү толугу менен Акылмандуулуктун Рухуна ачып бер. Кантип Машайакты даңктоо керек экендигин үйрөнүү үчүн, Анын сөздөрүн тыңша. Мына ушундайча Рухтун үнүн жан дүйнөң менен тыңшоо, сени Теңирдин таасири зор элчисине айландырат.

Машайак он бир шакиртине Өзүнө күбө болуу артыкчылыгын ыйгарды. Ыйсанын жердеги кылган кызматына өз көздөрү менен күбө болушкан мына ушул шакирттери болчу. Алар эмнени көрүшсө, угушса, мына ошолор тууралуу айтып беришмек. Алардын сөздөрү Кудайдын Өзү жерде болгондугун күбөлөндүрмөк. Биздин ишенимибиз мына ушул күбөлөндүрүүгө таянат. Ыйса китеп же кат жазган эмес. Тескерисинче ал Өзүнүн куткаруу ишин кабарлоо тапшырмасын Ыйык Рухтун күбөлөндүрүүсүнө жана шакирттеринин жашоосунан чыккан сөздөргө тапшырды. Чындыктын Руху жалган сүйлөбөйт, тескерисинче ал жаралуу дүйнөгө элчилердин ооздору аркылуу Машайактын сүйүүсүнүн күчүн көрсөтөт. Ыйса Өзү шакирттерине: «Качан үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, күч аласаңар жана Менин күбөлөрүм болосуңар», - деген.

Сыйынуу: Кудайдын Уулу, Ыйык Теңир, биз Сага табынабыз. Сен Ата жана Ыйык Рух менен бирсиң. Бизди жалгызсыратып калтырбастан, күбөлөндүрүү үчүн чындыктын Рухун бизге жибердиң. Сенин келишиң менен биз ыйыкталалы. Көптөрү ишенип калышы үчүн, бизди Өзүң тууралуу күбөлөндүрүүнү үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Машайакты айкаш жыгачка керген дүйнөгө Кудай кандай жол менен каршы чыкты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:34 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)