Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
В – Шакирттери менен коштошуу (Жакан 14:1-31)
3. Коштошуудагы Ыйсанын тынчтыгы (Жакан 14:26-31)Жакан 14:26 Машайактын айткан сөздөрүнүн баарын түшүнөм деп ким айта алат? Же Анын айткандарынын баарын эсине тутуп, аткара алат? Кечки тамак маалында чыккынчы кеткенден кийин, аны кандай жамандык кылат, же эмне болуп кетет деген ойлор шакирттерди тынчсыздандырып жатты. Жакандан башкасы Ыйсанын коштошуу маалында айтып жаткан сөздөрүнүн көбүн эстерине түйө алышпады. Ыйса алардын унутчаактыгын түшүнүп, кийин Рух келгенде, Анын айткандарынын баары шакирттеринин жүрөктөрүндө жаңыланып, акылдары ачыларын билип, тынчтанды. Рух Ыйсанын иштерин бир ойдо, бир максатта ишке ашырат. Ал алсыздарды коргойт. Ыйса генийлерди, терең ойчул окумуштууларды, кызыл тилдүүлөрдү тандап алган эмес; тескерисинче дүйнөнүн эң алдыңкы окумуштууларынын эң жогорку деген билимин уят кылуу үчүн, Ал балыкчыны, салык жыйноочуну жана ар кандай күнөөкөр адамдарды тандап алган. Боорукердиктин Кудайы Өз Рухун алсыздарды Өзүнүн балдары кылыш үчүн жиберип, аларга момундуктун акылмандуулугун, өздөн баш тарууну жана адил жашоону белек кылып берди. Ыйса айткан сөздөрүн китеп кылып бастырып чыгарган жок, же Жакшы Кабардын маңызын унутуп калбасы үчүн, аларды кимдир бирөөгө жаздырган жок. Ал Ыйык Рухтун шакирттерине үйрөтөөрүнө, жарыктандыруусуна, жетектөөсүнө жана Анын айтканы менен жашаганга жардам берерине толук ишенген. Жакшы Кабар бул Ыйык Рухтун ушул убакка чейинки улуу иштеринин бири. Ал куткарылуунун жолун шакирттердин кайрадан эске түшүрүүсү аркылуу адамдын тилинде берди; Элчилердин күбөлөндүрүүсү аркылуу Уул даңкталышы үчүн, Ыйсанын айткандарын шакирттерине Рух эстетип, аларды үйрөттү. Кудай тууралуу жана ишеним тууралуу Машайактын шакирттеринин жазмаларын сактаган бир дагы башка жазмалар жок. Ыйсанын оозунан чыккан сөздөргө бир дагы сөз кошумчаланган эмес. Алардын окутуусу супсак да эмес, кургак да эмес, ал бардык кылымдарга, биздин заманга дагы туура келген окутуу. Рух бул окуяларды кылымдан-кылымга жандандырып биздин күнгө чейин алып келе жатат. Качан биз Жакшы Кабарды окуганда, андагы окуя бүгүнкү күндө болуп жаткандай сезилет. Эгерде биз Машайактын сөздөрүн тыңшасак, Анын үнү кулагыбызда күнү бүгүнкүдөй жаңырат. Алгачкы Жакшы Кабарды шакирттер жазган же аны шакирттер бурмалаган деген ойдогу адамдар Ыйык Рухтун чындыгын жокко чыгарган болот, ал эми Ыйык Рух калп айтпайт; Ал сүйүүнүн чындыгы. Жакан 14:27 Бул жерде жазылгандай, коштошуунун аягында Ыйса шакирттерине тынчтыкты, адам билген бардык бейкуттуктан ашып өткөн тынчтыкты берем деди. Ал кетип жатып, шакирттерине тынчтыкты мураска калтырып жатты. Ал гезит бетине жарыяланган жалган тынчтык жөнүндө айткан жок. Азгырык дайыма болуп туруучу нерсе. Адамдар Кудайдан бөлүнүп жашагандыктан, алардын ар бир адилетсиздиги үчүн, Кудайдын каары алардын үстүнө түшөт. Бул тынтчтык - күнөөдөн кечирим алгандан кийин, Кудай менен жана жыйын ичинде тынчтыкта болгон жашоодон улам булактай атырылып чыккан абийирдин тынчтыгы. Машайактын тынчтыгы бул Кудайдан келип, кайра Ага кайтып бара турган, үзгүлтүксүз, түбөлүктүү күч бул Ыйык Рух. Бул дүйнөдө алдоо, жек көрүү, өлтүрүү, көрө албастык, сараңдык жана ыпластык кеңири таралган. Бирок Ыйса бизге шайтандын ушундай толкунуна чөкпөшүбүздү буйрук кылган. Шайтан бул дүйнөнүн төрөсү. Бирок, бир тууганым, Ыйсада биз тынчтыкка толуу менен караңгылыкка жана үмүтсүздүккө туш болбойбуз. Бул тынчтык ошондой эле бизди жүрөктүн тынч албастыгынан, өлүмдүн коркунучунан бошотот.Машайакка ишенген адам Кудайдын ичинде жана Кудай анын ичинде жашайт. Бул чындык сенде барбы? Бороон-чапкын болуп жатканда, Ыйса кайыктын ичинде уктап жаткан. Суу кайыкка толгон сайын, кайыктагылардын үрөйлөрү учту. Ошондо Ыйса туруп, бороонго тыю салганда, деңиз тынчып калды. Ошондо ал шакирттерине: «Ишеними аздар, эмне үчүн коркуп жатасыңар?» - деди. Жакан 14:28-31 Ыйса кетери тууралуу дагы кайталап айтканда, шакирттери ого берет коркушту. Кечки тамак аяктап калган болчу. Ыйса кетери тууралуу дагы бир жолу кайталап айтып, бирок кайра кайтып келерин баса белгиледи. Ал: «Кубангыла, себеби Мен кетип жатам! Мен Атама барам. Мен Өз үйүмө кетип жатканыма кубангыла. Мен силердин үстүңөргө айкаш жыгачтагы азапты жүктөбөйм. Мен силерди мүрзөнүн коркунучунан бошотом. Менин айткан кабарым бул силерди Атам менен бириктирүү. Эгерде Мени сүйсөңөр, анда Менин асманга кайтып барганыма кубанасыңар. Мен Атамды Өзүмдөн улуу деп эсептейм. Мен Аны жанымдай жакшы көрөм, бирок Менин силерге болгон сүйүүм да ченемсиз. Мен силерге Атамдын Рухунда кайтып келем». Атасынын улуулугун түшүнүшү үчүн жана Ага жакын болуу үчүн, өлүмгө бара жаткан Устатынан бөлүнүүгө даярдоо үчүн, Ыйса шакирттерине Анын кудуреттүүлүгүн сүрөттөп берди. Керек болсо, өлүм дагы Ыйса менен Атасынын ортосуна каршылыкты жарата албаганын шакирттери түшүнүүсүн каалады. Ата менен Уулдун ортосундагы тынчтык бекем болгондуктан, Ата Уулу курман болгондон кийин, Аны кайра Өзүнө алып кетет. Андан ары сүйлөөнүн кажети жок болду; Ыйса Атасынын осуятын, дүйнөнү Өз өмүрү менен сатып алуу ишин айкаш жыгачта аткаруу үчүн ордунан турду. Ошондон кийин Ыйык Рух шакирттерине келмек. Бул сатып алуу иши бүт адамзатка тийиштүү. Ыйса Кудайдын чексиз улуу сүйүүсүн ар бир жеке адам түшүнсө деп көксөдү. Анан Ыйса шакирттери менен бирге Жаңы Келишим түзгөн бөлмөдөн чыгып, караңгы түндө Кидрон өрөөнүндө кетип бара жатты. Алар Зайтун тоосундагы чыккынчы аңдып турган Гефсимания Багына келишти. Сыйынуу: Теңир, бизге берген тынчтыгың үчүн рахмат. Сен биздин жүрөктөрүбүздү тазалап, бизге тынчтык орноттуң. Жек көрүүнүн, кыргын-сүргүндүн жана паракордуктун чордонундагы дүйнөдө биздеги тынчсызданууну, коркунучту, үмүтсүздүктү кечир. Биздеги тынчтыкты сактаган Рухуң үчүн рахмат. Азгырык маалында күнөөгө, ишенбестикке, үмүтсүздүктүн каргышына батпастан, үмүт, чыдамдуулук жана кубанычта сыйынуубуз аркылуу Сени карашыбыз үчүн, Рух бизге Сенин сөздөрүңдү эстетип турса экен. Бизди Атага алып бара жаткан жолуң үчүн рахмат. Кудайдын Козусу, бизге асмандан орун даярдап койгонуң үчүн Сага миң мертебе ыраазыбыз. СУРООЛОР:
5 - тестУрматту окурман, төмөнкү 14 суроого жооп жазып жибериңиз. 14 суроонун 12 суроосуна туура жооп берсеңиз, биз ушул китептин башка бөлүктөрүн сизге салып жиберебиз.
Waters of Life Internet: www.waters-of-life.net |