Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 050 (Disparate views on Jesus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

б) Ыйса тууралуу эл арасындагы жана жогорку кеңештеги ар кандай ойлор (Жакан 7:14-63)


Жакан 7:21-24
Ыйса мындай деп сөзүн улантты: “Ишемби күнү оорулууну айыктырганыма баарыңар таң калып жатасыңар. Муса силерге сүннөткө отургузуу мыйзамын берген. (Чындыгында, бул мыйзам мурун эле бар болчу, ал ата-бабалардан калган). Силер болсо ишемби күнү сүннөткө отургузуп жатасыңар. Мусанын мыйзамын бузбайлы деп, ишемби күнү деле сүннөткө отургузуп жатпайсыңарбы. Анан ишемби күнү бир адамды толук айыктырып койгондугум үчүн, Мага эмнеге ачууланып жатасыңар? Сырткы көрүнүшү боюнча соттобогула, сотуңар адил болсун”.

Ыйса жүйүттөрдүн ичиңде жин бар деп күнөөлөгөнүнө түздөн-түз жооп бербестен, чогулуп турган элге Өзүнүн үстүндөгү өлүм жазасы негизсиз жана адилетсиз экендигин көрсөттү. Ал ишемби күнү Бетездадагы шал оорулуу адамды айыктырганы үчүн жүйүттөр Ага каршы сот жүргүзүп жатышкандыгын элдин эсине салды. Ошол күнү Ыйса айыккан адамга төшөгүн алып үйүнө баруусун буюрган эле. Эми болсо ушул жакшылыктын айынан Аны айыптап жатышат.

Анан Ыйса мыйзам окутуучулардын өздөрү мыйзамды жеткилеңдүү аткара алышпагандыктарын айтты. Бул мыйзамдын өзүнүн карама-каршылыктары бар. Сүннөткө отургузуу – Кудай менен болгон келишимдин белгиси, ал эми ишемби күн Ыйык Бирөө менен мамилелешүү тууралуу айтат. Жүйүттөр балдары төрөлгөндөн кийин, сегизинчи күнү сүннөткө отургузуулары керек болчу, бирок кээде бул күн ишемби күнгө туура келип калчу. Эми сүннөткө отургузуу иш кылууга жатпайбы?

Күнөө ооруну туудурган сыяктуу айыгуу дененин, жандын жана рухтун куткарылуусун туудурат. Мына ушинтип элдин акылын ачып, ырайымдын иши менен ишемби күндөгү сүннөткө отургузуунун ортосундагы айырмачылыкты билүүгө, бул экөөнүн кайсынысы маанилүү экендигин түшүнүүгө чакырган. Аларды ойготуу үчүн мындай логиканы колдонуу менен Ыйса Өзүнүн сүйүүсүнүн, күчүнүн жана куткарылуусунун ченемин түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок бул аракет текке кетти; алардын кулактары уккан жок, рухтары катууланып, адилеттүү чечим жана туура сот алар үчүн мүмкүн эмес болду.

Жакан 7:25-27
Ошондо иерусалимдиктердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: “Өлтүрөбүз деп издеп жатышканы Ушул эмеспи? Карасаңар, Ал ачык эле айтып жатат, Ага эч ким эч нерсе деген жок! Же башчылар да Аны Машаяк деп, ынанып калышканбы? Бирок биз Анын кайсы жерден экенин билебиз. Ал эми Машаяк келгенде, Анын кайсы жерден экенин эч ким билбейт”.

Иерусалимдин жашоочулары ийбадаткананын жанындагы көп сандап чогулуп жаткан элге келип кошулуп жатышты. Качан алар Ыйсанын чогулган элдин ортосунда турганын жана бардык көңүл Ага бурулуп жатканын көрүшкөндө, кызаңдашып, кармоого буйрук берилсе дагы, Анын ачык жана эркин жүргөндүгүнө ачууланып жатышты. Бул тууралуу жалпы эл билчү.

Шаардын тургундары бийлик башындагыларды ушул кырдаалды колго ала албаган алсыз бийлик катары шылдыңдап жатышты. Римдиктер жүйүт башкаруучуларынын өлүм жазасын берүү укугун алып салган болчу. Эл: “Издөөдө жүргөн адам шаардын ичинде эркин, эч коркпостон ийбадатканада сүйлөп жатат. Башчылардын Ага тыюу салганга укугу жок. Ыйык кызмат кылуучулар да далил айтышып, талашып, Аны токтото алышкан жок”, - дешип шылдыңдап күлүп жатышты.

Кээ бирлери: “Сен түшүнбөй жатасың, кээ бир башкаруучулар дагы Анын Машаяк экенине ишениши мүмкүн”, - дешти. Алардын Ыйсаны кармагысы келбей жатканы ушул себептен деп түшүнүп жатышты.

Үчүнчү көз караш: Эгерде Ал чын эле Машаяк болсо, Ал жөнөкөй адам сыяктуу эмес, Ал жаркыраган денеси менен даңктуу болмок. Бул болсо тоонун арасындагы бир айылдан чыккан эле уста киши. Чыныгы Машаяк элдин арасында сандалып басып жүрбөйт, Ал түз асмандан түшөт.

Жакан 7:28-30
Ошондо ийбадатканада элди окутуп жаткан Ыйса үнүн катуу чыгарып, мындай деди: “Ооба, силер Мени билесиңер, Менин кайсы жерден экенимди да билесиңер. Бирок Мен Өз атымдан келген жокмун. Мени жиберген Кудай – чындык, силер Аны билбейсиңер. Мен Аны билем, анткени Мен Анданмын, Мени Ал жиберген”. Ошондо Ыйсаны кармоого аракеттеништи. Бирок Ага эч кимиси кол көтөргөн жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

Ыйса жердеги ата-теги жөнүндө далилдерди укту. Ошондо Ал үнүн бийик чыгарып, мындай деди: “Силер чын эле Мени билесиңерби? Менин кайсы жерден экенимди да билесиңерби? Силер үстүртөн карап соттойсуңар, бирок Мени терең таанууга аракет кылбайсыңар. Мени уккула! Менин рухумду терең казгыла. Ошондо Менин ким экенимди жана кайдан келгендигимди билесиңер”.

Ыйса Өзүн Өзү жиберген жок. Анын артында Аны жиберген Кудай турат; Аны жиберген Атасы болчу. Ыйса Атасынын табиятынан келген жана Аны менен түбөлүктүү бириккен. Анан Ал сөзүнө кошумчалап: “Силер Кудайды ийбадаткананын ичинде деп ойлойсуңар, бирок бирөөңөр да Аны билбейсиңер. Силердин ыйык кызмат кылуучуларыңар сокур; алар Кудайды көрүшпөйт. Анын чыныгы үнүн угушпайт. Ушуну менен силер өзүңөрдү өзүңөр алдап жатасыңар”,- деди.

Андан ары Ыйса айтты: “Мен Аны билем”. Жакшы Кабардын маңызы - Ыйса Кудайды билет, Ал бизге Атасынын ысымын жана сүйүүсүн жар салат. Бул Назареттик Адам күнөөсүз болчу, Ал Атасы менен дайыма мамилелешип жашайт. Ал эми башкалар баары күнөөлөрүнүн азабынан өздөрүн Кудайдан ажыратышты.

Угуучулардын кээ бирлери Ыйсанын айткан сөздөрүнүн маанилүү экендигин түшүнүшүп, Ыйса аларды чечкиндүүлүк менен ашкерелегенде, алар: “Бул ийбадатканага каршы мазактоочу сөздөрдү сүйлөп, бизди ишенимсиз адамдарга айландырып салды!” – деп кыйкырышты. Алар ачуулангандыгынан ызылдашып, Ыйсаны кармоого аракет кылышты. Бирок Ыйсаны периштелер тегеректеп тургандыктан, Кудайдын уулуна эч ким даап бара алган жок. Анын жердеги эң акыркы күбөлөндүрүүсүнө белгиленген убакыт али келе элек болчу. Анын Атасы Машаяктын адамзатты сатып ала турган чечүүчү убакытты белгилеп койгон болчу. Бир дагы адам ошол белгиленген убакытты ары да, бери да жылдыра алмак эмес.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сага табынабыз. Анткени Сен Атаны билесиң жана бизге Атаны ачып бердиң. Кубаныч менен биз Сага кызмат кылабыз жана кубаныч менен Сени сүйөбүз. Сенин аяндарын бизди Кудайдын балдары кылып койду. Бардык жогорудан төрөлгөндөр менен бирдикте биз Сенин ысымыңды жогору көтөрүп даңазалайбыз. Тегерегибиздеги кудайчылдар сокур кызганчаактыктан жана кайдыгерликтен кайтып, Кудайга бурулушу үчүн, аларга да Атаны ачып бер деп суранабыз.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн жалгыз гана Ыйса Кудайды чындап билет?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:12 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)