Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 042 (Jesus offers people the choice)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

4. Ыйса элге: “Кабыл алуу же баш тартуу” деген тандоону сунуш кылат (Жакан 6:22-59)


Жакан 6:22-25
Көлдүн наркы өйүзүндө калган эл кийинки күнү жээкте шакирттер түшкөн кайыктан башка кайык болбогонун, Ыйсанын алардын кайыгына түшпөгөнүн, шакирттер өздөрү гана сүзүп кетишкенин эстешти. Ошол арада эл нан жеген жерден алыс эмес жерге Тибериядан башка кайыктар келип жатты. Теңир нан үчүн ыраазычылык билдиргенден кийин, ошол жерде эл нан жеген эле. Ал жерде Ыйса да, шакирттери да жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп Капернаумга келди. Алар Ыйсаны көлдүн берки өйүзүнөн табышты да: “Устат, бул жерге качан келдиң?” – деп сурашты.

Элдер Ыйсанын кайык менен кетпегенин көрүшкөн эле. Ыйса элдин арасынан качан кетип калганын эч ким билбей калды. Ыйса болсо түн ичинде кеткен эле.

Бекер нан берилгендигин уккан миңдеген адамдар Капернаумга жөнөштү. Элдер мынай мол тамакка таңыркашып, бири-биринен кызгана башташты. Көптөрү Ыйсаны шакирттеринин үйлөрүнө чейин издеп барышты. Акыры алар Ыйсаны шакирттеринин жанынан табышты. Ала машаякчылардын: “Экөөңөр же үчөөңөр чогулсаңар, Мен силердин араңардамын” деген сөздүн чындык экенине ынана башташты.

Алардын кереметтерди көрүүгө болгон каалоолору жаңы кереметтерди алып келип жатты. Эл: “Кантип, качан бул жакка келип калдың?” – деп сурады. Ыйса бул суроого жооп берген жок. Анын ордуна Ал рухий нерселерди ойлоп, элдин арасынан Өзүнүн сүйүүсүнө суусагандарды тартып чыкканга жана душмандарынын эки жүздүүлүгүн жана кабыл албастыгын көрсөтүү үчүн, ишенимдин маанисин түшүндүрдү. Ыйсага мээлүүн абал жаккан эмес. Ошондуктан Ал шакирттерин ашыкча динчил элдердин арасынан бөлүп чыгарган.

'''Жакан 6:26-27 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, керемет көргөнүңөр үчүн эмес, нан жеп тойгонуңар үчүн Мени издеп жүрөсүңөр. Күнүмдүк тамак үчүн эмес, түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенгиле. Аны силерге Адам Уулу берет. Анткени Кудай Ата Ага Өз мөөрүн баскан”.'''

Ыйса угуп турган элге эскертүү берди: Силер Мени сүйгөнүңөр үчүн же Кудай жөнүндө туура түшүнүккө ээ болуу үчүн Мен издеген жериңер жок; силер курсагыңар үчүн, нан үчүн Мени издеп жүрөсүңөр. Силер ажайыптын маанисин түшүнгөн жоксуңар. Менин максатым силерди нан менен тойгузуу эмес болчу. Силер Мендеги бийликти көрүшүңөрдү каалагам. Силер белекти издейсиңер, а бирок аны берип жатканды унутуп каласыңар. Силер дүйнөлүк нерселер тууралуу сүйлөшөсүңөр да, Мендеги кудайлык касиетке ишенбейсиңер.

Тамак үчүн эртеден кечке чейин түйшүк тарта бербегиле, бирок Кудайдын бийлиги жөнүндө да ойлонгула. Айбан сыяктуу жеш үчүн гана жашабагыла. Андан көрө, Рух болгон Кудайга жакындагыла. Ал силерге түбөлүк өмүрүн белек кылып бергенге даяр.

Андан ары Ыйса мынтип түшүндүрөт: Мен бул дүйнөгө Кудайдын улуу белегин берүү үчүн келдим. Мен денедеги жана кандагы жөнөкөй эле адам эмесмин. Силерге бата берүү үчүн Менде Кудайдын белеги бар. Силерге рухий өмүр берүү үчүн, асмандын күчү менен тирилтүү үчүн Кудай Мага Ыйык Рух менен мөөр баскан.

Муну менен Ыйса бир чоң сырды: Кудай бүт адамзатка кам көрөөрүн, адамзатты бөпөлөп, сүйөрүн жарыялады. Батага ээ болуу үчүн, Мыйзамды бекем тутууну талап кылгыдай, Ыйса каардуу Кудай эмес. Ал адил адамга да, адил эмес адамга да батасын берет. Ал атеистке дагы, Кудайдын ысымын шылдыңдаганга дагы күндүн нурун бирдей тийгизет. Кудай – сүйүү. Машаяк адамдарды материалист ойлорунан бошотуп, аларды Кудай Атасына кайтып келүүсү үчүн издейт. Ошондуктан Ал бийлиги бул дүйнөдөн эмес экендигин, Ал тамакка, байлыкка негизделбей тургандыгын, бирок бул бак-дөөлөттүү ыйык жашоонун рухий Падышалыгын сураганадарга Рухун бере турган Машаяктын Инсандыгы аркылуу аларга келе тургандыгын баса белгилеп айтты.

Жакан 6:28-29
Ошондо алар Ыйсадан: «Кудайдын иштерин аткарыш үчүн эмне кылышыбыз керек?» - деп сурашты. Ыйса аларга: «Ал Кимди жиберсе, Ошого ишенгиле. Кудайдын иши – мына ушул», - деп жооп берди.

Элдер Ыйсанын окутуусун так түшүнүшпөсө дагы, Анын Кудай аларга улуу белек сунуш кылып жаткандыгы тууралуу айтып жаткандыгын түшүнүштү жана бул түбөлүк өмүрдү алууну каалашты. Бул белекти алыш үчүн алар бир нерсе кылууга даяр болушчу. Алар Мыйзамды жакшылап изилдегенге, курмандык чалганга, орозо кармаганга, сыйынганга даяр эле; алар Кудайдын белегин иш аркылуу алабыз деп ойлошту. Бул жерде биз аладын сокурдугун көрүп жатабыз. Алар баары тең куткарылууга өз иштери менен жетүүнү ойлогон мыйзамчылдар болчу. Алар айыптуу жана туура эмес жолдо жүрүшкөндүктөн, иштери менен куткарылууга жетүү мүмкүн эмес экендигин түшүнүшкөн жок. Өздөрүндө ыйыктык жана бийлик бар деп ойлошкондуктан, текебирдик менен Кудайдын ишин кыла алабыз деп ойлошту. Адам ушунчалык сокур, ал өзүнүн жүрөгү чындыгында кандай экенин көрбөйт, тескерисинче адам өзүн кичинекей кудай катары көрүп, өзүн Кудайга жагып жатам деп ойлойт.

Бирок Ыйса алардан эч кандай кызмат же иштер талап кылынбагандыгын көрсөткөн. Алар жеке Ыйсага ишенүүгө чакырылган. Кудай бизден ишти же кызматты сурабайт, бирок Ал өзүбүздү Ыйсага берип, Ага таянышыбызды каалайт. Мына ушул нерсе элдер үчүн чалынуучу таш болду; ушундан улам көпчүлүк менен Ыйсанын ортосунда жараңка пайда болду. Адамдардын Ага ишенип калышы Кудайдын иши экенин Ыйса андан ары түшүндүрөт: Эгерде силер жаныңарды Ыйык Рухка ачсаңар, анда Менин бийлигимди, максатымды жана сүйүүмдү билесиңер. Ошондо силери Менин жөн гана пайгамбар эмес, бирок Жаратуучу Атасы жиберген Уул экенимди түшүнөсүңөр. Ошондо Кудайдын балдары болууңар үчүн дүйнөлүк оюңарды өзгөртөсүңөр.

Ыйсага ишенүү бул Ага таянуу жана жашооңду өзгөрткөнгө Ага мүмкнүчүлүк берүү, Анын жетегин кабыл алуу жана Анын күчү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болуу. Ишеним бул азыр жана түбөлүктө Ыйсага байлануу. Ишенгендерди Өзүнүн Уулуна алып келүү, алардын жашоолорун күнөөлөрдөн арылтуу жана алардын Ыйсада түбөлүктүү болуусу - бул Кудайдын иши.

Жакан 6:30-33
Ошондо алар Ыйсага мындай дешти: «Кандай керемет көрсөтөсүң? Биз көрүп, Сага ишенип калалы, кана эмне кыласың? Ыйык Жазууда: «Кудай аларга асман нанын берди», - деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен». Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, нанды силерге Муса берген эмес, Атам силерге асман нанын, чыныгы нанды берет. Анткени Кудайдын наны асмандан түшүп, адамзатка түбөлүк өмүр берет».

Элдин дилин арноого болгон Ыйсанын талабы ошол жердегилер үчүн одоно сезилди. Ыйса алардан Кудайга гана бере турган бир нерсени талап кылып жаткандай сезишти. Ошол себептен алар Ыйсадан Өзү тууралуу далил кыла турган бир нерсени талап кылышты. Алар: «Өзүңдүн Кудай экениңди бизге далилдеп бер, чөлдөн Муса элге күн сайын жаңы нан берген. Сен болсо бизге нанды бир эле күн бердиң. Муса нанды жүздөгөн, миңдеген кишиге берди, Сен болсо беш миң эле кишиге бердиң. Бизге дагы керемет көрсөт, ошондо биз сага ишенебиз», - деп айтып жатышкан сыяктуу көрүнөт. Бул адамдын оорусу. Адам Ыйсанын сүйүүсүн шартсыз кабыл албайт. Ал биринчи далилди талап кылат. Бирок Ыйса айтат: «Көрбөй ишенгендер бактылуу, Алар ишенүү менен Мени урматташат». Ыйса угуучулардын мыйзамчыл ой жүгүртүүлөрүнөн Өзүнө чындап ишенүүгө жетелей турган чыныгы жетектөөчү. Ал тамакка сугулгандарды бул адаттан бошотот жана аларды жарыктандырат; Ал Өзү – Кудайдын улуу белеги.

Өзүнүн ким экенин түшүндүрүүнүн бир бөлүгү катары Ыйса Ыйык Жазуунун маанисин, маннаны аларга Муса берди деген туура эмес түшүнүктөрүнөн бошотту. Чындыгында муну айкөлдүк менен берген бул Кудай болчу. Баарынан артык жана эч качан бузулбаган асмандын тамагын Кудай берип жаткандыгын Ыйса түшүндүрдү. Эгерде алар кунт коюп угушканда, алар Ыйсанын Кудайды Ата деп айтып жатканына караганда, Ыйса анда Өзүн Кудайдын Уулу экенин айтып жатканын түшүнүшмөк. Тилекке каршы, эл асмандан Мусанын колу аркылуу түшүүчү материалдык нан тууралуу ойлонууну уланта берди. Кудайдын наны жутуп ийсе, ашказанга барчу нан эмес, Анын наны адамды чындыкка жана бак-дөөлөттүү өмүргө тойгуза турган Ыйсанын Инсандыгы экенин түшүндүрдү. Ушуларды бере турган Бирөө Кудайдын баталарына жана күчүнө толуп, асмандан жерге келди. Кудайдын наны бузулуп кетүүчү нан эмес, Анын наны рухий жана түбөлүктүү. Ал манна сыяктуу жерден чыккан жок, ал Кудайдан келген. Ал бардык кылымдардагы адамдарга жетет. Бул Ыбрайымдын тукумуна гана ченелген эмес. Кудай Ата бүтүндөй дүйнө жүзү үчүн кам көрөт.

Сыйынуу: Кагылайын Теңир Ыйса, бизди өзүмчүл иштерден сакта. Эмне кылышыбызды каалап жатканыңды угуш үчүн, Өзүңдүн кудуретиң аркылуу иштешиң үчүн бизде тил алчаак ишенимди өстүр. Сени менен бирге экенибизди бизге сездир. Ишенимибизде Өзүңдүн катышууң менен биздин жүрөгүбүздү тойгуз. Бизди түбөлүк өмүр үчүн сакта. Ата, бизге келип күч жана бата берип жатканың үчүн рахмат.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса кантип элдин нанга болгон каалоолорун Өзүнө ишенүүгө жетеледи?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:06 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)