Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- Christ -- 04 (Christ's Teachings)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

4. МАШАЙАКТЫН ОКУТУУСУНАН ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮҢ?


Бардык жакшы пайгамбарлар жана элчилер Кудайдын түбөлүк сөзү менен рухий дем алып турушкан. Бирок Машаяк табияты боюнча Кудайдын жаратуучу жана сүйүү күчү топтолгон Кудайдын Сөзү. Ал сөз менен айтып гана койбостон, Өзүнүн айткандарын иш жүзүндө аткарып жашаган. Кудайдын кудуреттүүлүгү Анын сөздөрүндө жана кылган иштеринде көрүнүп, бирин-бири тастыктап турган.

Көптөгөн жерлерде Ал жөнүндө төмөндөгүдөй сөздөрдү окуп калабыз: «Ыйса сөзүн аяктаганда, чогулган эл Анын таалимине таңданды. Анткени Ыйса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди». (Матай 7:28-29) Анын каршылаштары Аны өздөрүнүн кызматчылары аркылуу сөзүнөн кармоого аракет кылышканда, Анын сөздөрү кызматчылардын жүрөгүн жибитип, абийирлерин ойготкон. Алар Анын жанына жолой албай калышкан. Алар өздөрүнүн жетекчилерине кайрылып барып «Ушуга чейин бир да адам ал сыяктуу сүйлөгөн эмес», - деп кобураганга гана жараган (Жакан 7:46)

Машаяктын момундук менен үн чыгарып айткан төмөнкү сөздөрүн ук:

«Мен — бул дүйнөдөгүлөр үчүн Кудайдын жарыгымын. Мени ээрчиген киши мындан ары караңгыда жүрбөй, өмүрдүн жарыгына ээ болот». (Жакан 8:12)

«Мен — өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт». (Жакан 6:35)

«Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам». (Жакан 5:44)

«Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат. Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», — деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң.» (Матай 7:1-5)

Эгер сен ушул сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртсөң, Машаяк дүйнөнүн жарыгы, Өзүнүн сөзүнө баш ийип жашагандарга тынчтык жана чыныгы өмүр берүүчү экендигин түшүнөсүң.

Бардык башка пайгамбарлар бул караңгы дүйнөгө ошол Кудайдын жарыгынын бир бөлүкчөсүн гана алып келген, ал айдын назик жарыгы сыяктуу болгон. Алар айдын көрүнбөй калган жарым тегереги сыяктуу жок болуп кетишкен. Машаяк болсо болгон жарыгынын баарын тийгизип турган жалындаган күн сыяктуу. Күн чыгып келе жатса кантип айды ээрчий беребиз? Машаяк чыныгы жарык! Ал пайгамбарчылыктарды аткаруу менен бирге жаңы «сүйүү» деген мыйзамды жарыялаган. Ал Өзү денеге айланган сүйүү, Ал Өзүн минтип атаган: «Мен — жол, чындык жана өмүрмүн. .. Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет». (Жакан 14:6, Матай 24:35)

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on July 11, 2023, at 05:24 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)