Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 093 (The world hates Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

3. Дүйнө Ыйсаны жана Анын шакирттерин жек көрөт (Жакан 15:18 – 16:3)


Жакан15:18-20
18 «Эгерде силерди бул дүйнө жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле. 19 Эгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт. 20 «Кул өз кожоюнунан жогору эмес» деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. Эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат».

Ыйса Атасы менен болгон жеткилеңдүү мамиле тууралуу күбөлөндүрүп, Сооротуучу Рухтун келиши тууралуу пайгамбарчылык кылгандан кийин, дүйнөнүн жек көрүүсү тууралуу шакирттерине айтып, аларды боло турган кыйынчылыкка даярдады.

Дүйнө Машайакчыларга каршы. Дүйнөнү жек көрүү башкарат, ал эми Машайакчыларды болсо сүйүү сактайт. Ыйса шакирттерин бактысыз дүйнөдөн алып чыгып, бакыттын аралына алып барбайт. Ал шакирттерин сүйүүнүн күчү менен зөөкүрлүккө, жек көрүүгө толгон дүйнөнү жеңиши үчүн, аларды кайрадан жамандыктын дүйнөсүнө жиберет. Сүйүүнү коргогондор кызмат кылып жатканда кагылышууга, кастыкка жана жек көрүүгө туш болушат. Мындай каршылык бул алардын алсыздыгынан же каталарынан эмес, бирок Ыйсанын сөздөрүнө каршы чыккан шайтандын рухунан келет. Сүйүүдө жеткилеңдүү болгон Теңир ушундай жек көрүүгө каршы өлүмгө чейин күрөштү. Ушундай аёсуз куугунтукка карабай, Ыйса рухий согуш талаадан качып кеткен жок, Ал бул дүйнөнү таштап кеткен жок, тескерисинче, Өзүн жек көргөндөрдү сүйгөндүктөн, алар үчүн жанын берди.

Биз бирибиз дагы периште эмеспиз; биздин жүрөктөрүбүздөн жаман ойлор чыгат. Бирок Машайактын ырайымы аркылуу бизге жаңы Рух келди. Тобо кылуу – бул ойдун өзгөрүшү. Рухтан төрөлгөн адам дүйнөдөн эмес, ал Теңирден. Ал бизди бул дүйнөдөн тандап алды. «Жыйын» деген сөз грек тилинде жоопкерчиликти ишке ашыруу үчүн тандалып, бул дүйнөдөн чакырылгандардын биригүүсү деген маанини берет. Дүйнө болсо Жыйынды акылсыздар катары көрөт. Жакан 7:2-9 – аяттарында Ыйса айткандай, бул үй-бүлөгө да терең бөлүнүүнү алып келет. Ошондуктан, Машайакта болгон адам ушундай басынтууну, куугунтукту көтөрө алышы үчүн, өзгөчө акылга жана момундукка ээ болушу керек. Эгерде өзүңдү ушул акыбалда таап жатсаң, анда Ыйса дагы сен сыяктуу азапты басып өткөндүгүн унутпа. Себеби Ыйса аларды сүйгөн, айыктырган, бирок алар болсо Аны айкаш жыгачка кадашты.

Элдер сени сабап, азапка салса дагы, алардын арасында сенин күбөлөндүрүүңдү уга тургандар да болорун Ыйса убада кылган. Рухтан келген сөз угуучулар да ишенимди жана сүйүүнү жараткандай эле, сенин күбөлөндүрүүң да сени уккандарга түбөлүк өмүрдү жаратат. Ар бир Машайакчы ушул коогалаң дүйнөдө Машайактын элчилери. Ошондуктан жашоодогу сага болгон чакырыкты алгач таразалап ал.

Жакан 15:21-23
21 Мунун баарын силерге Менин ысымым үчүн кылышат, анткени Мени жиберген Кудайды билишпейт. 22 Эгерде Мен келбесем, аларга айтпасам, аларда күнөө жок болмок. Азыр болсо алардын күнөөлөрү үчүн кечирим жок. 23 Ким Мени жек көрсө, Ал Атамды да жек көрөт.

Ыйса шакирттерине Ал асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, Анын ысымы үчүн аларга каршы катуу куугунтук болорун алдын ала эскертти. Жүйүттөр Машайактын Козудай жоош болорун күтүшкөн эмес, алар Аны тескерисинче саясий кулчулуктан боштондукка чыгара турган саясатчыл баатыр катары күтүп келишкен. Ушул саясий куткарууга болгон үмүт алардын Кудайдын улуулугуна кайдыгер болгондон улам адашууга алып келди. Алар динчилдик менен чындыкты айырмалап билишкен жок; алардын кудайы согуштун кудайы болчу. Алар Теңирибиз Ыйсанын Атасы сооронуунун жана тынчтыктын Кудайы экенин түшүнүшпөдү. Ооба, кээде Кудай жаза катары согуштун болушуна жол берет, бирок мындай согуштар Падышачылыкты курбайт. Падышачылыкты бир гана Анын Руху чындыкта жана тазалыкта кура алат.

Машайак Атасынын чындыгын ачык түшүндүрүү үчүн келген, бирок Жүйүттөр сүйүүнүн жана элдештирүүнүн Рухун кабыл алышкан жок. Алар зомбулукту жана согушту көздөштү. Машайакты тынчтыкты Жаратуучу катары кабыл албаган элдердин баары Жүйүттөр сыяктуу эле күнөөгө батышат.

Биздин күнөөкөр болушубуз адеп-ахлактын бузулганын эмес, бирок Кудайга каршы болуп, Анын Тынчтыгынын Рухун кабыл албаганыбыздан улам келип чыгат.

Машайакты, Анын Падышачылыгын жана тынчтыгын кабыл албоонун негизги себеби бул чыныгы Кудайдын бар экенине ишенбестиктен болот. Адамдар кудайларын өздөрүнүн каалоосундай элестетишет. Бирок сүйүүнүн Кудайын бизге Ыйса гана ачып берди. Ушул сүйүүнү четке каккан адам зомбулукту, бузукулукту колдойт, жана Машайакты четке каккан адам чыныгы Кудайдын Өзүн четке каккан болот.

Жакан 15:24-25
24 Эгерде Мен аларга Менден башка эч ким кылбаган иштерди көрсөтпөгөн болсом, аларда күнөө жок болмок. Алар көрүштү, бирок Мени да, Атамды да жек көрүшөт. 25 Алардын мыйзамындагы «Мени себепсиз эле жек көрүшөт» деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду.

Ыйсанын Кудайды Ата деп атагандыгы үчүн, Кудайдын Рухуна, бир катар көрсөтүлгөн ажайыптарга санаалаш эмес адамдар каршы чыгарын Ыйса алдын ала айткан. Дүйнөдө бир дагы бирөө оорулууларды Ыйсадай айыктыра алган эмес, жиндерди кубалай алган эмес, бороонду баса алган эмес, миңдеген кишилерди тойгуза алган эмес жана өлгөн адамды тирилте алган эмес. Уулу аркылуу Кудай жаңы адамдын белгилерин, мүнөзүн дүйнөгө көрсөтүп жатты. Бирок жүйүттөр мындай мүнөздөн эч бир маанини көрө алышкан жок, анткени ал белгилер сайясий дагы, экономикалык дагы максатты көздөбөгөн мүнөз болчу. Бирок алар Ыйсанын сүйүүсүнүн бийлигин байкагын соң, ушунун өзү алар үчүн мүдүрүлө турган таш болду, себеби, жүйүттөр Атага ишенишкен жок. Ошол убактагы Ыйык Рухка каршы жүрөктөрүн жаап алган жүйүттөр сыяктуу эле, бүгүнкү күндө дагы миллиондогон адамдар Кудайга кас рухтун туткунунда жашап жатышат. Машайактын Кудайдын Уулу экенине ишенбегендер Анын жолдоочуларын жек көрүшүп, Кудайды чындап тааный алышпай, күнөөнүн туткунунда кала беришет, Ыйык Үч Бирдикке акарат келтирип, мазакташат. Ошентсе дагы, Ыйса аларды жазалабастан, кызматчылары аркылуу сүйүүнүн ишин аткарды. Бир тууганым, мына ушундай рухий күрөшкө даяр бол. Бул азаптарды чыдамдуулук менен жеңип өтүү үчүн Теңирден күч сура.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен адамдардын жек көрүүсүнө карабастан, куткаруу жолун кыйынчылык менен жашап өткөнүң үчүн ыраазыбыз. Душмандарыбызды сүйгөнгө бизге жардам бер. Сенин сооротуучу Рухуңду кабыл алуу менен, үнүңдү угуп, эркиңди аткаргандай бизге жүрөк бер. Бизди жетекте; көбүрөк күч жана чыдамдуулук бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн дүйнө Машайакты жана анын сүйүктүү балдарын жек көрөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:33 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)