Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 041 (Jesus withdraws from the clamor for his crowning; Jesus comes to his disciples in distress)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

2. Ыйсанын падыша болуусун талап кылып жаткан элден Ыйсанын кетиши (Жакан 6:14-15)


Жакан 6:14-15
Ошондо Ыйса жасаган кереметти көргөн адамдар: “Дүйнөгө келе турган пайгамбар ушул”, - дешти. Алар Ыйсаны кармап алып падыша шайламакчы болуп жатышты. Ыйса алардын бул оюн билип, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.

Ыйса бул дүйнөгө адамзаттын үстүндө жеңишке ээ болуу үчүн келген. Ал беш миң адамды тойгузгандан кийин, эл Анын тегерегине чоң каалоо менен чогулушту. Алар Ыйсага падыша катары урмат-сый көрсөтүшүп, кол чаап, бийлеп жатышты. Эл бул Галилеялык Адам Кудайдын Кишиси экенини түшүнгөн; Ал Кудайдын үнү менен сүйлөдү жана Улуу Кудайдын бийлиги Ыйсада арта берди. Жаратылыш Ага баш ийди. Чөлдөгү Муса нан берген сыяктуу, Ыйса да элге нан берди. Ал жек көрүндү болгон элди чындыкка алып баруучу убадаланган Пайгамбар болчу (Мыйзамды кайталоо 18:15). Алар эгерде Ыйса алардын падышасы болсо, анда алар иштегенге муктаж болбойбуз жана келечекте кыйынчылык көрбөйбүз деп ойлошту. “Ыйык Жазууну окуганга жана сыйынганга убактыбыз көп болот, Ал болсо бизге бекер тамак берет. Мындай күчтүү падыша рим армиясын жеңе алат. Ал тургай Ал асмандан от да түшүрөт. Ошондуктан Ага таажы кийгизип, падыша кылып жарыялайлы”, - дешти. Алар баары тең чогулуп келишип, Ыйсаны ийиндерине көтөрүүнү каалашты. Ыйса аларды керектүү тамак менен камсыз кылат деген үмүт менен Ыйсаны колдошту.

Ыйса элдин мындай каалоосуна кандай жооп берди? Ал ийгиликтери үчүн кубандыбы же элге Өзүнө болгон ишенимдери үчүн ыраазы болдубу? Ал азгырыкка берилип, Өзүнүн Падышалыгын ишенбегендер менен курдубу? Жок, Ал эч кандай сөз сүйлөбөстөн, тоого кетип калды. Ал адамдардын колдоосун кабыл алгысы келген эмес. Ыйсага Кудайдын гана колдоосу жетиштүү болчу. Ыйса бул жигердүү адамдардын абалын билген; алар экстазга мас болгондуктан, Анын кеңешин угууну ойлошподу. Булардын баары биригип, бир идеяны көздөгөн саясий топ болчу.

Ыйса жердик падышалыкты кургусу келген эмес, тескерисинче Ал адамдардын жекече тобо кылуусуна жана жогорудан төрөлүүсүнө алып келгиси келген. Жогорудан төрөлүүгө ээ болбогон бир да адам Падышалыкка кире албайт. Топтошкон эл ажайыптар менен кереметтердин максатын түшүнө алышпады. Алар жердик нан тууралуу ойлонушту; Ыйса Ыйык Рухтун күчү менен андан да чоң муктаждыкты чечип берет. Элдер жердик байлык жана өтүп кетүүчү даңк тууралуу ойлошсо, Ыйса Падышалыктын негизи кылып айкаш жыгачты тандады. Тобо кылмайынча, жогорудан төрөлмөйүнчө, сен Машаяктын чакырыгынын рахатын көрө албайсың.

Ыйса көпчүлүктүн урматтоосуна муктаж эмес болчу. Ал адамдын даңктоосун кабыл албай, Атасынын үнүн укту жана Шайтандын азгыруусун жүрөгүнө киргизген жок. Ал сыйынуу үчүн башка жакка барып, Атасына ыраазычылыгын айтып, сокурлардын көздөрү Рухтун күчү менен ачылсын деп сыйынды. Ал адамдар аркылуу жердик падыша болууга макул боло алган жок, себеби адамдар биринчи күнү “Теңирге алкыш” деп кыйкырып, кийинки күнү болсо “Аны айкаш жыгачка кадап сал!”, - деп кыйкырышаарын билген. Машаяк биздин жүрөктөрүбүздү билет жана Ал эч качан жолунан адашпайт.


3. Ыйса шакирттерине коркунуч маалында кайтып келди (Жакан 6:16-21)


Жакан 6:16-21
Кеч киргенде, Анын шакирттери көлгө барып, бир кайыкка түшүштү да, көлдүн аркы өйүзүнө, Капернаумга бет алышты. Караңгы кирип калган эле, Ыйса болсо аларга келе элек болчу. Катуу шамал болуп, көл толкуй баштады. Алар жыйырма беш – отуз чакырым сүзүшкөндөн кийин, көлдүн үстүндө кайыкты көздөй басып келе жаткан Ыйсаны көрүп коркуп кетишти. Ыйса аларга: “Коркпогула, бул Менмин!” – деди. Алар Ыйсаны кайыкка түшүрүп алмакчы болушту. Бирок кайык ошол замат алар бет алган жээкке жетип калды.

Качан Ыйса Голан тоосунда жалгыз жүргөндө, алыстан шакирттеринин толкун менен алп урушуп жатып, чарчашкандарын көрдү. Түн жакындап калганда, Ыйса шакирттерин карай көлдүн үстү менен басып барды. Ал шакирттерин коркунуч менен бетме-бет жалгыз калтырган жок. Шакирттери болсо Аны арбак экен деп коркуп кетишти. Балыкчылар караңгыда суунун үстүндө көп жүргөндүктөн, көздөрүнө бир нерсе көрүнчүдөй болуп коркушчу. Ыйса боору ооруп: “Бул Менмин”, - деп жооп берди. Ушул сөздөр шакирттердин ишенимдеринин негизи болуп калды. Байыркы Осуяттагы “Бул Мен” деген сөз Теңирдин ишенгендердин арасында болуп тургандыгын түшүндүрөт. Ыйсанан бардык кубулуштардын үстүндө бийлиги бар экенин шакирттери түшүнө башташты: Анын колунан нан көбөйдү; Аны толкундар көтөрдү; Анын буйругуна шамал баш ийди. Муну түшүнгөн шакирттери ого бетер корко башташты. Бирок Ыйса шакирттерине: “Коркпогула”, - деди. Бул “коркпогула” деген сөз Ыйсаны ээрчигендерге дайыма айтылат жана бул сөз Ыйык Китепте үч жүз алтымыш беш жолу кездешет, башкача айтканда жылдын ар бир күнүнө айтылат. Машаяктын биз менен экенине ишенүү биздеги коркунучту жеңет. Кандай гана абалда болбо, эмне гана кыйынчылыктарды көрбө, Ыйса дайыма: “Бул Мен, Коркпо!” – дейт.

Качан гана шакирттери Ыйсаны таанышканда, алар аң-таң болушту. Ошол маалда алар жээкке жетип калышкан эле. Бул ошол күндөгү көрсөтүлгөн кереметтердин үчүнчүсү болчу. Ыйса мейкиндиктин жана убакыттын Теңири жана көздөгөн жерге жеткенге чейин, Ал Жыйындын кайыгын бороон-чапкын, чоң-чоң толкундар аркылуу алып өтөт. Ал шакирттерин сүйөт, аларга келет жана шакирттеринен Өзүнө толук ишенүүнү каалайт. Шакирттери дайыма Өзүнө жакын болуу үчүн караңгылыктын туңгуюгунда жана кыйынчылыктарда коркунучту жеңип, ишенимде бекем болгонго жардам берет.

СУРООЛОР:

  1. Эмне себептен Ыйса элдин Аны падыша кылабыз деген каалоолорунан баш тартты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:05 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)