Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 009 (Jesus Christ reveals himself)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Ыйса Машайактын Өзүн ачып берүүсү


ЖАКАН 10,11-12; 14-15; 17-18
Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы Кайтаруучу койлору үчүн Өз жанын берет. Жалчы болсо кайтаруучу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдан келе жатканын көргөндө, койлорду таштап качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат ... Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем. Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен Өз жанымды берем ... Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин. Менден аны эч ким тартып ала албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам».

Ыйса 30 жашка чыкканда ишине киришип, Өзүнүн ким экендигин шакирттерине ачып берет. Ал:

ЖАКАН 10,14
«Мен жакшы Кайтаруучумун»,
- дейт.

Бул сүйлөм менен Ыйса маанилүү, түбөлүк жайда да күчкө ээ болуучу сөздү айткан. Ыйса Өзүн ачып берүү үчүн, Байыры Келишимде Кудайга гана тиешелүү болгон «Мен» деген сөздү алган. Ал: «Мен, Мен. Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен башында эле бар болчумун. Кудуреттүүмүн, ырайымдуумун. Мен Өзүнүн кежир элин 40 жыл боюу чөлдө алып жүргөн ишенимдүү Кайтаруучумун; 22-забурда Дөөт таазим кылган Теңир Менмин. Мен Жаратуучумун жана дүйнөнү Кармап Туруучумун. Мен жаман жана бузулган адамзатты соттоо үчүн, жок кылуу үчүн келген жокмун; Мен жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келдим», - дейт.

Ыйса бул дүйнөгө соттоочу падыша же каардуу башчы болуп келген жок. Ал муктаж болгондорго кам көрүп, жардам берүү үчүн, жакырлардын таламын талашып, аларды ойлоп, алар үчүн Өз жанын курмандыкка берүү үчүн келди. Ал Өзүн жакшы Кайтаруучумун деп жатат.

Ал дагы: «Кудайдан башка эч ким жакшы эмес!» - деп айтып, Өзүнүн боорукер жана куткаруучу Кудай экендигин, ишенимдүү Кайтаруучу катары жоголгонду издеп таап, Өзүнүн шакирттеринин Жыйынына алып келүүчү экендигин көрсөткөн.

Ыйса бүтүн үйүрдүн жоопкерчилигин Өзүнө алган. Ал Аны ээрчиген эбегейсиз көп сандагы, ар башка улуттагы, ар башка тилде сүйлөгөн көп элдин алдында жүрөт. Ал аларды эң жакшы жайыттарга жана тунук сууларга алып барат. Аларга күндөлүк жашоого керектелүүчү нерселерди: тамак-аш, кийим, жумуш, үй-бүлө, турак-жай, ден-соолук, кубаныч жана баталарды гана берип тим болбойт, аларга андан да чоң, түбөлүккө керек болуучу нерселерди да берет: Ал аларга Өзүнүн адилеттүүлүгүн жана Өзүнүн Рухун – түбөлүк өмүрдү берет.

Ал берген түбөлүк өмүр бул дүйнөдө эле чындык, момундук, үмүт жана сүйүү менен жашоодо көрүнөт. Ал Өзүн ээрчигендерди жеткилең жашоого жетелейт. Ыйса Өзүнүн үйүрүн кыйынчылыктарда, куугунтуктарда – бардык учурда сактап, Атасынын үйүнө алып барат. Ал аларга ишенимдүү бойдон калат. Жылдар алмашып, элдер өзгөрсө да, Ал эч убакта өзгөрбөйт. Ал Өзүнүн койлорун кайсы бир принцип менен катуу кармап турбайт, тескерисинче, Ыйык Рух аркылуу сүйүү менен жетектейт.

Сүйүү Аны ээрчигендерди бириктирип, бөлүнүүлөрдү, текеберчиликти жеңет. Жакшы Кайтаруучу бириктирет жана үйүрдү сактайт.

Ыйсанын Өзүн Өзү курман кылуусу

Ыйса койлор үчүн Өз жанын берери жөнүндө үч жолу берген убадасы аркылуу Кудайлык айкөлдүгүн түшүндүргөн (Жкн. 10, 11-17).

Өзү үйүрү үчүн курман болгондугун, жалгыз гана Ал жакшы Кайтаруучу экендигин бардык адамдар биле алышат.

Ыйса акчага иштеген жалчы болгон эмес. Анын жумушу убакыт, саат менен чектелген эмес. Ал күнү-түнү койлорунун жанында. Ал эч убакта уктабайт жана үргүлөбөйт. Ал сыйынган адамдын сыйынуусун угушу үчүн, коңгуроо кагып ойготкон индустардын кудайындай эмес.

Ыйса дайыма Өзүн ээрчигендердин жанында. Ал алар үчүн аба-ырайы жакшы болуп турганда да, бороондуу күндө да, ысыкта да, суукта да, алар кандайдыр бир кыйынчылыкка же ооруга кабыл болгон учурда да кам көрөт. Ал Өзүнө ыңгайлуу шарт издебейт, тескерисинче, үйүрүнө ишенимдүү болуп, Өзүн толугу менен аларга арнайт. Анын курмандыгын билип калган үйүр, Ал кайсы жакка алып барса, ошол жакка эч шектенбей ээрчийт. Койлор Ага толугу менен ишенишет.

Жалчы менен жакшы Кайтаруучунун айырмасы коркунучтар туулган учурда билинет. Карышкыр келгенде, жалчы качып кетет. Жалчы койлор үчүн өз жанын бербейт, тескерисинче, өзү жанын сактап калуу үчүн, койлорду курмандыкка берет. Карышкыр койлорго кол салып, аларды жеп жатса, жалчы өзүн сактаганга аракет кылат. Ыйса таптакыр башкача кылды, Ал башында эле койлор үчүн Өз жанын бергенге даяр болчу. Ал Өзүнүн шакирттери үчүн жана Өзүн ээрчигендер үчүн курман болуу үчүн, адам болуп келди. Ал Өзүнүн үйүрү үчүн курмандык болуп союлушу үчүн, адам бейнесинде келди.

Ал Өзүнүн өмүрүн койлор үчүн бергендиктен, Атасы Аны сүйөт (Мт.3, 13-17; Жкн.1,29). Ыйса Кудайдын душманы ким экенин билген. Ал аны карышкырга салыштырат. Көбүнчө карышкырлар топ-топ болуп алып, курмандыгын бардык жагынан курчоого алганча, болгон аракетин кылышат. Акырында алсыз курмандыкка жабылып тытып жешет. Көбүнчө топто башчы карышкыр болот. Ал күчтүүрөөк жана куураак болот, калгандары ага баш ийишет. Ыйса ал жөнүндө: «Шайтан – жамандыктын, бүт ачуунун себепкери», - деген. Амалкөй койлорду өлтүрүүдөн мурда, аларды жамандыкка толтурууну каалаган. Ал жалгандын башчысы койлорду адаштыруунун, бөлүп жок кылуунун айла-амалын билет. Бирок анын куулук менен кылган иши ишке ашпайт. Теңир Өзүнүн үйүрүн сүйүүсүнүн күчү жана Рухунун толуктугу менен сактайт. Карышкыр үйүргө кол салуу үчүн, Кайтаруучусун өлтүрүүдөн башка жол жок экендигин түшүндү. Карышкырдын Ыйсанын өлөрүн алдын ала билгендигин түшүнгөн адам анын чечүүчү саата Кайтаруучуну өлтүрүп, койлорду колуна түшүрүп аларын да элестете алат.

Ыйса алдыда эмне күтүп жатканын билсе да, качкан жок. Анда Өз өмүрүн бергенге бийлик бар болчу. Өмүрү андан тартылып алынган эмес, тескерисинче, Ал аны Өз эрки менен берген. Жалгыз Өзүнүн өлүмү гана үйүргө жакшылык алып келерин билген. Ал Өзүнүн азап чегип өлүүсү керек экендигин билсе да, өлүмгө өз эрки менен барды.

Ыйса карышкырдын карышкырына бара жатты. Ал каршы туруу үчүн колуна курал алган жок; Ал чындык, сүйүү, момундук, ишеним, үмүт жана асмандагы Атасынын толук макулдугу боюнча бара жатканын билүү менен куралданган. Башчы карышкыр жакшы Кайтаруучуну тытып жеш үчүн чабуул коё баштады. Андан кийин койлорго кирүүгө мүмкүндүк болмок. Ошондо койлорду биринин артынан бирин тытып таштаганга эч ким тоскоол болмок эмес. Бирок Ыйса шайтанга колдорун жайып барды: Ал айкаш жыгачка барды. Карышкыр секиргенде, Ал каршылык көрсөткөн жок. Карышкыр амалкөйлөнүп, жакшы Кайтаруучуну өлтүрүү үчүн тыткылап жатты. Экөө тең жерге жыгылышты. Карышкыр азуусу менен Кайтаруучунун бетин (Теңирдин) жаралады.

Кудайдын душманы менен болгон күрөштө жакшы Кайтаруучу канга боёлуп, жараланды. Бирок Ал жамандык кылуучуну колунан чыгарбай, тытылган денеси менен анын үстүнө жыгылган бойдон курман болду. Кайтаруучусу өлгөндө, койлордун үрөйү учуп, чачырап кетишти. Бирок карышкыр эч кимисин тытып жей алган жок. Курман болгон Кайтаруучу аны жеңип, Өз жанын койлору үчүн берди.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)