Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 028 (Jesus leads the adulteress to repentance)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
4. Ыйса Самарияда (Жакан 4:1–42)

а) Ыйса ойноштук кылган аялга тобо кылууга жардам берет (Жакан 4:1-26)


Жакан 4:1-6
Ыйса “Ал Жаканга караганда көбүрөөк шакирт күтүп, элди сууга чөмүлдүрүп жатат” деген сөз фарисейлерге жеткенин билгенде, (чынында Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жатышкан эле), Жүйүт аймагынан кайра Галилеяга жөнөдү. Ыйса Самария аймагы аркылуу өтүүгө тийиш эле. Ошондуктан Ал Самариянын Шекем шаарына келди. Ал шаар Жакып өзүнүн уулу Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан эле. Ошол жерде “Жакыптын кудгу” деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Алтынчы саат чамасы эле.

Падыша катары тарыхтын үстүндө түбөлүктүү падышалык кылган Ыйсаны жакшы кабарчы Жакан “Теңир” деп атап жатат. Ал жазалайт жана ырайым көрсөтөт. Ал адамды жетектейт жана ашкерелейт. Жакшы кабарчы Анын даңкын көрүп, Ага улуу даражадагы наамды берүү менен, урматтаганын көрсөтүп жатат. Фарисейлер кыймылга кирип, согушка даяр турушкан. Машаяктын Иудеяга тараткан Жакшы Кабары чоң ийгиликтерди алып келди. Ал чөмүлдүрүүчү Жакан сыяктуу адамдарды тобо кылууга, күнөөлөрүн моюндарына алууга чакырып жатты. Ыйса чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматын өткөрүп алган сыяктуу болду (негизинен Ыйса Өзү чөмүлдүрчү эмес, анын шакирттери чөмүлдүрүшчү, шакирттери болсо Жакандан келишкен). Ыйса сууга чөмүлдүрүү бул Рухка чөмүлдүрүүнүн белгиси экендигин түшүндүргөн. Себеби Анын убактысы келе элек болгондуктан, Ал чөмүлдүрчү эмес.

Качан фарисейлердин каршылыгы күчөй баштаганда, Ыйса түндүк тарапка кетет. Ал Атасынын каалоосу боюнча жашаган. Мыйзамдын адамдары менен ачык беттешүүгө чыгууга али убакыт келе элек болчу. Ыйса тоолордогу кыштактарды аралап, кетүүнү каалады. Ал Галилеяга жолду кыскартуу үчүн Самарияга кирет.

Байыркы Келишимде самариялыктар эл катары эсептелинчү эмес. Себеби алардын көбү ысрайылдыктардын каны менен аралашкан эле. Биздин заманга чейинки 772-жылы ассириялыктар Самарияны басып алып, Ыбрайымдын тукумунун көбүн Месопотамияга сүргүнгө айдашып, Самарияга болсо башка элдерди отурукташтырышкан. Ошондон улам аралашуу башталып, бул аралашуу ишенимдин да биригишине алып келген.

Ыйса биринчи патриархтардын борбору болгон Шекемдин жанындагы Сикарга барат. Бул ошондой эле Жашыянын Кудайдын эли менен түзгөн келишиминин жери болчу (Башталыш 12:6 жана Нундун Уул Жашыя 8:30-35). Ошол жерге жакын жерде Жакыпка тийиштүү болгон кудук бар болчу (Башталыш 33:19). Жусуптун сөөгү Наблуска жакын жерге коюлган (Жашыя 24:32). Байыркы Келишимде бул аймак тарыхтын ордосу болгон.

Узак жолдон чарчаган Ыйса кудуктун жанында эс алып отурган. Ал кадимки эле адам болгон, Ал чарчаган. Ал кудайлык табиятын колдонгон жок. Ал адамдык алсыз табияты бар Адам болгон.

Жакан 4:7-15
Ошол маалда самариялык бир аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан ичкенге суу сурады. Шакирттери тамак сатып алуу үчүн шаарга кетишкен эле. Самариялык аял Ага: “Өзүң жүйүт болуп туруп, менден, самариялык аялдан, суу сурайсыңбы?” – деди. Себеби жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешчү эмес. Ыйса аялга: “Эгерде Кудайдын белеги эмне экендигин жана сенден суу сараган ким экендигин билсең, сен Андан өзүң сурар элең, ошондо Ал сага тирүү суу бермек”, - деп жооп берди. Аял Ага: “Мырза, суу сузуп алгыдай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кайдан болсун? Сен, эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушул кудуктан суу ичишкен”, - деди. Ыйса аялга мындай деп жооп берди: “Бул суудан ичкен адам кайра эле суусайт. Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүккө суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө алып бара турган булакка айланат”. Ошондо аял Ага: “Мырза, суусабашым үчүн, бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи!”

Качан Ыйса кудуктун жанында отурганда, ал жакка самариялык аял суу алганы келет. Ал башка аялдар сыяктуу эртең менен же кечинде келген жок, ал чак түштө келди. Себеби ал эч кимге кезиккиси келген эмес; кадыр-барктан кеткендиктен ал кайда гана барбасын, аны баары жектешчү. Ыйса болсо анын жүрөгүндөгү кайгыны алыстан эле көрүп, бул аял тазаланууга суусап жаткандыгын түшүндү. Ыйса аялга жардам берүүнү чечти. Ал аялга Он Осуятты окуткан жок, же аялды жемелеген жок. Ыйса жөн эле суу сурады. Ал аялды суу берүүгө татыктуу адам катары эсептеди. Бирок аял Ыйсанын жүйүт экендигин билгенде кетенчиктей түштү. Себеби Ыйсанын эли менен аялдын элинин кайнаса каны кошулгус кас болчу. Ошондуктан эки тараптын тең адамдары бири-биринин идиштерине капысынан тийип алса, булганып калабыз деп коркушчу. Ыйса болсо аялга урмат көрсөтүү менен, экөөнүн ортосунда эч кандай тоскоолдук жоктой мамиле кылды.

Ыйсанын максаты бул күнөөкөрдөгү Кудайга болгон суусоону ойготуу болчу. Алардын жолугушкан жери кудук болгондуктан, алар суу тууралуу сүйлөшө кетишти. Бул сүйлөшүү аялдагы Кудайдын белегине болгон каалоону пайда кылды. Ыйса аялга Кудайдын сүйүүсүн ачып берди. Ал аялды өлүмгө жиберүүчү сот эмес, бирок Кудайдын ырайымы аркылуу даярдалган белек күтүп жаткан эле. Кандай укмуштуу керемет!

Ырайым өзүнөн-өзү шамалдан пайда болуп келбейт. Ал бир гана Ыйсадан келет. Ал касиеттерди жана кудайлык ырайымды берүүчү. Аял болсо Аны кадимки адам катары кабыл ала берди. Машаяктын даңкы аялдын көзүнө көрүнбөй жатса дагы, Анын сүйүүсү аялдын алдында жаркырап төгүлүп турду. Ыйса Өзүндө тирүү суу бар экендигин аялга айтты. Ал сунуш кылып жаткан асмандын тирүү суусу жандын суусунун кандырат. Ар бир адам сүйүүгө, чындыкка жана Кудайга кайтып келүүгө муктаж. Ким Ыйсага келсе, Ал ошол адамдын суусунун кандырат.

Ыйса Кудайдын белегин сурагандарга берет. Ыйса сууга болгон муктаждыгын билдирген сыяктуу, биз дагы муктаждыктарыбызды билдиришибиз керек. Кимде ким башын ийип, сурабаса, бекер берилген асмандын суусун албайт.

Аял Ыйсаны түшүнбөй жатты. Ал сөзмө-сөз түшүнүп алып: “Мырза, суу сузуп алгыдай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кандай болсун?” – деди. Ошол эле убакта Ыйсанын боорукердигин жана сүйүүсүн көрүп, аял таң калып жатты. Башкалардай Ал андан жийиркенген жок. Ыйса улуугу менен аялдан жогору болсо дагы, Ал аны Өзүнүн ыйыктыгы менен сүйдү. Аял эч убактан мындай таза адамды кезиктирген эмес болчу. Аял: “Сен эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Сен керемет менен бизге жаңы кудук бергени жатасыңбы?” – деди.

Ыйса оюнда жердеги суу тууралуу айтып жатпагандыгын түшүндүрдү. Жердеги суу менен суусунун кандырган адам кайрадан суусайт. Дене сууну сиңирип алат жана суу денеде акырына чейин пайдаланылат.

Ыйса бизге тирүү суу берип, рухий суусунубузду кандырат. Машаякчылар Кудайды издеп табышат. Алар чындыкка жетпей туруп чындыкты чагылдыруучу философтор эмес. Аларды Кудай тапкан; алар Кудайдын маңызын билишет. Анын сүйүүсү бизге жетиштүү. Анын аяндары эч убакта тажатма болбойт, же эскирбейт, бирок ал агып жаткан булак сыяктуу күн сайын жаңыртып, тазартып, Кудай жөнүндө күн сайын жаңы билимди, ойду, күчтү, өмүрдү, жарыкты жана тынчтыкты берет. Ыйык Рух - Кудайдын асмандагы суусу.

Ыйса Өзүн тирүү суу берүүчү экендигин үч жолу кайталап айткан. Бир дагы дин, саясий партия, бир дагы падышалык же досчулук сенин жаныңдын суусунун кандыра албайт. Сенин жалгыз гана Куткаруучуң бул Ыйса.

Кудайдын белегин алган адам өзгөрөт. Суусап жаткан адам башкаларга бата, ырайым, кубаныч, сүйүү жана Ыйык Рухтун башка жемиштерин берүүчү атырылып аккан булак болуп калат. Ыйсага жабышуу менен биз ырайым үстүнө ырайымды кабыл алуу аркылуу Кудайдын башкаларга берген белеги болуп калабыз.

Качан аял Ыйса менен сүйлөшүп жатканда, ал Ыйса чын ниети менен сүйлөп жатканын, Анын сөзүндө эч кандай көз боөмочулук жок экендигин сезди. Аял Ыйсадан тирүү сууну сурады. Ал муктаж экендигин мойнуна алса дагы, Ыйсаны жердеги суу жөнүндө сүйлөп жатат деп ойлой берди. Эгерде ал Ыйсадан бул сууну алса, ал мындан ары идиш көтөрүп суу ташыбайм жана башка элдерге аралашпайм деп ойлоду.

Сыйынуу: Тирүү суу берүүчү Теңир Ыйса, сүйүүгө болгон биздин суусунубузду кандыр. Күнөөлөрүбүздү кечир; Ыйык Рух бизге келип түшүшү үчүн жана бизде жашашы үчүн, бизди ар бир кара тактардан тазала. Биздин жүрөктөрүбүзгө куюлган Рухтан бишкалар ичиши үчүн биз дагы суунун булагы бололук. Бизди момундукка, сыйынуучу болууга, сүйүүчү жана ишенимдүү болууга үйрөт.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса бизге берген белек кайсы? Анын сапаты кандай?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:55 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)