Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 024 (The cross)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
2. Ыйсанын Никедим менен сүйлөшүүсү (Жакан 2:23 – 3:21)

в) Айкаш жыгач жана жогорудан төрөлүү (Жакан 3:14–16)


Жакан 3:14-16
Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш. Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгаз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди.

Ыйса сөзүн улантып, чыныгы тобо кылмайынча, ой өзгөрмөйүнчө жана Машаяктын адамзат үчүн өлгөндүгүнө ишенмейинче, рухий төрөлүү толугу менен ишке ашпай тургандыгын Никедимге түшүндүрдү. Бул принциптерди Ыйса Никедимге Ысрайылдагы боло турган тарыхый окуяга тийиштүү кылып айтты. Чөлдө кетип бара жатканда алар Кудайга наалышып, Анын жетегине каршы чыгышты (Сандар 21:4-9). Натыйжада, Кудай аларга уулуу жылан жиберип, аларды өжөрлүгү үчүн жаза катары аларды чактырды.

Ошондо кээ бирлери күнөөлөрүн сезишип, Мусаны Кудайдын алдында арачы болуп, Кудайдын каарын алып салуусун жалбарышты. Ошондо Кудай Мусага жезден жылан жасоону буюрду. Бул Кудайдын каарынын белгиси болчу. Муса жыланды шыргыйга көтөрүп койду. Бул Кудайдын жазасынын аягы болчу. Акыры бул белгини караган ар бир адамда жаза аяктап, жыландын уусунан айыгышкан.

Обо азгырылгандан тартып, жылан жамандыктын белгиси болуп калган. Качан Ыйса келгенде, Ал адамзаттын күнөөсүн көтөрдү. Ошентип күнөөсүз Ыйса биз үчүн күнөө болду. Чөлдөгү уулуу жылан сыяктуу, Ыйса качан биздин күнөөбүздү Өзүнө көтөрүп жатканда да, Ал Өзү күнөөсүз болчу.

Кудайдын Уулу бул дүйнөгө жаркырап-жанып келген жок, тескерисинче, Ал момундукта Адам Уулу катары жараны жана ооруну, мыйзамды жана каргышты көтөрдү. Адамдын денесинде ал биздин ордубузга курман болду. “Адам Уулу” деген наам Ал үчүн айырмалай турган белги болчу. Асылган жылан Кудайдын каарын токтотуунун белгиси болгон сыяктуу эле, айкаш жыгачка керилген Машаяк дагы Кудайын каарын токтоткон. Бизди Өзүнүн сүйүүсү аркылуу бошотуу үчүн баарыбыздын күнөөлөрүбүз Кудайдын Уулуна артылды.

Чөлдөгү асылган жыланды караган ар бир адам аман калды. Алар Кудайдын убадасына ишенгенде, жыландын уусунан айыгышты. Ырайымдын бул белгисине ишенген адам өмүргө жана куткарылууга ээ болот. Айкаш жыгачты карап, андагы Асылганга жабышкан ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Анын өлүмү менин да өлүмүм. Анын өмүрү менин да өмүрүм. Машаяктын биз үчүн курман болгондугун кабыл алып, ишенген ар бир адам адилеттүү болот жана Аны менен түбөлүккө жашайт.

Соттоло турган биз Ыйсага бурулуп караганыбызда, куткарылууга ээ болобуз. Ал бизде жаңы төрөлүүнүн жаратат. Кудайдын айкаш жыгачта асылган Уулу аркылуу берлиген куткарылуу жолунан башка куткаруучу жол жок. Ошондуктан Шайтан ушул куткарылуунун эки негизине: Кудайдын Уулуна жана Машаяктын айкаш жыгачка керилишине күнү-түнү кол салат. Дүйнөнүн куткарылуусу мына ушул эки нерсе аркылуу келген.

Кудай - сүйүү; Анын ырайымы чексиз океан сыяктуу. Ал сүйгөндүктөн, Кудайдан баш тарткан биздин дүйнөнү таштабастан, бизди сүйө берди. Ал күнөөкөр жана баш ийбес бизди четке каккан жок, бирок боорукердик менен бизге ырайым кылды. Анын Уулунун курмандыгы куткаруунун бардык талаптарын аткарды. Кудайдын Уулунан башка куткаруучу жол жок.

Бир тууганым, сен досуң үчүн миң сом курмандык кыла аласыңбы? Ал үчүн түрмөгө отура аласыңбы? Ал үчүн өлүмгө бара аласыңбы? Эгерде сен аны сүйсөң ушул иштерди кыла алган чыгарсың. А бирок, эгерде ал сенин душманың болсо, муну эч качан кылмак эмессиң. Бул Өзүнүн Уулун кылмышкерлерди куткаруу үчүн курман кылган Кудайдын сүйүүсүнүн улуулугун көрсөтүп жатат.

Дүйнөнү куткаруу ишин Машаяк айкаш жыгачта ишке ашырды. Баарыбыз тең Ыйсанын курмандыгына муктажбыз. Ар кандай адамдар: салтчыл адам да, кайдыгер адам да, сылык адам да, орой адам да, байы да, кедейи да, боорукери да, ташбоору да Ыйсага муктаж. Өз күчү менен адил болгон бир дагы адам жок. Себеби бул дүйнөнү Атасы менен Машаяк элдештирген.

Айкаш жыгачта Керилгенге ишенгендерден башка бир дагы адам бул чындыкты түшүнгөн жок. Сенин Машаякка болгон ишенимиң сенин куткарылууңду ишке ашырат. Ишеним болбосо, сен Кудайдын каарынын алдында кала бересиң. Сенин иштериң Кудайдын ыйыктыгынын жарыгынын алдында сыйлабастык жана ыпластык катары эсептелинет. Мыйзамчыл жана өзүн адил деп эсептеген Никедим ушул сөздөрдү, аны айраң-таң калтырган сөздөрдү угушу керек болчу.

Шылдыңдын, уяттын жыгачына керилген Уулга ишенген жана айкаш жыгачтагы куткарылууну кабыл алган ар ким өмүргө ээ болот жана өзү менен Кудайдын ортосунда эч кандай тоскоолдукка туш келбейт. Ыйсанын ушундай кечиримине ыраазычылык билдиргиң келеби? Өз өмүрүңдү ага арнагың келеби?

Ишенген ар бир адам бар болот; Машаякка жабышкан адам өлбөйт. Машакты караган ар бир адам үмүткө жана түбөлүк өмүргө ээ болот. Ыйык Рухтун биздин ичибизде жашоосу ишеним аркылуу болот. Эгерде 14 жана 16 – аяттардын терең маанисин түшүнө алсаң, анда сен анда бүтүндөй Жакшы Кабардын маңызын ушул бир эле тексттен табасың.

Сыйынуу: Асмандагы Ата, чексиз сүйүүң үчүн Сага табынабыз. Өз уулуңду биздин ордубузга өлүмгө бердиң. Ал бизидин күнөөлөрүбүздүн жазасын көтөрүп, бизди Сенин каарыңдан бошотту. Биз ишеним менен, кастарлоо менен, ыраазычылык менен айкаш жыгачты карайбыз. Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, Сен дүйнөнү Өзүң менен элдештирдиң. Биздин күбөлөндүрүүбүз аркылуу башкалар түбөлүк өмүргө ээ болсун үчүн, бул кабарды башкаларга айтканга жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Машаяк чөлдөгү жыланга эмнеси менен окшош?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:52 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)