Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 018 (The first six disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

3. Биринчи алты шакирт (Жакан 1:35-51)


Жакан 1:43-46
Эртеси күнү Ыйса Галилеяга бармакчы болду. Филипти таап: «Менин артымдан ээрчи!» - деди. Филип болсо Андрей менен Петир жашаган Бейтсайида шаарынан эле. Филип Натанаелди таап, ага: «Мусанын «Тоорат» китебинде, ошондой эле «Пайгамбарлар» китебинде жазылган Машаякты таптык, Ал – Назареттик Жусуптун Уулу Ыйса», - деди. Бирок Натанаел ага: «Назареттен жакшы нерсе чыкмак беле?» - деп койду. Ошондо Филип ага: «Барып өзүң көр», - деди.

Буга чейинки аяттарда биз төрт күндүн ичиндеги окуяларды окудук. Биринчи күнү Иерусалимден өкүлдөр келди; экинчи күнү Жакан Ыйсаны Кудайдын Козусу деп жарыялады; үчүнчү күнү Ыйса төрт шакиртин тандады; төртүнчү күнү болсо Ыйса төрт шакиртине кошуп, Филип менен Натанаелди чакырды.

Филипти издеп тапкан Ыйса болчу. Эч нерседен күнөм санабаган Филип чөмүлдүрүүчү Жакандан Ыйса алардын арасында экендигин уккан. Качан чөмүлдүрүүчү Ыйсаны көрсөтүп, Кудайдын Козусу экендигин айтканда, ал абдан таң калды. Филип Ыйсанын жанына даап бара албады. Ал Теңирди билгиси келди, бирок Кудай менен мамилелешүүдө өзүн татыксыз санады. Ошондо Ыйса ага Өзү барып, анын күнөм саноосун жок кылып, ага ээрчүүнү буюрду.

Ыйса Өзүнө адамдарды тандаганга укугу бар болчу. Себеби аларды Ал Өзү жараткан, сүйгөн жана сатып алган. Аны кабыл алууну тандоо биздин өзүбүздөн эмес, себеби бизди Ал биринчи көрөт; Ал бизди издеди, тапты жана бизди Өз кызматына чакырды.

Чакырык болмоюнча, ээрчүү да болбойт. Машаяктын буйругу болбосо, пайдалуу кызмат да болбойт. Кудайдын Падышалыгынын тапшырмасын аткарууда, чакырылбай туруп кызмат кылган адам өзүнө жана башкаларга зыян келтирет. Бирок ким Машаякты угуп, Ага даярдык менен баш ийсе, Машаяктын назик кам көрүүсүнө ээ болот. Ыйса ал үчүн бардык убакта жоопкерчиликтүү болот.

Бир аздан соң Филип Жакшы Кабар айтып жөнөдү. Ал Натанаел досун таап, ага Жакшы Кабар айтты. Ал: «Биз Машаякты таптык!» - деди. Ал: «Мен Машаякты таптым», - деген жок. Муну менен ал жыйынга болгон тил алчаактыгын көрсөттү.

Ыйса Өзүнүн кызматы тууралуу ушул шакирттерине айткан. Жусуп Анын багып чоңойткон атасы болгон. Ыйса Өзүнүн Бейтлехемдеги төрөлүүсү тууралуу эч нерсе айткан эмес. Демек Анын шакирттери бул окуя тууралуу эч нерсе билишкен эмес.

Натанаел Ыйык Жазууну жакшы билген. Ал Мусанын китептеринен жана пайгамбарлардын китептеринен келе турган Машаяк тууралуу изилдеп, Куткаруучу Дөөттүн тукумунан, Бейтлехем шаарында төрөлөрүн жана Өз элинин Падышасы болорун билген. Бул кичинекей Назарет шаары Байыркы Келишимде эске алынбагандыктан жана бир да пайгамбарчылыктын бул шаар менен эч кандай байланышы жок болгондуктан, бул шаарда Машаяк төрөлгөн деген сөзгө эч ишенген жок. Натанаел бул шаарда Зилот көтөрүлүшчүлөрдүн көтөрүлүшү болуп өткөнүн жана ошондой эле ал жакта Римге каршы диний үгүттөөчүлөр чыккандыгын эстеди. Бул көтөрүлүштөр күч менен басылып, көп кан төгүлгөн болчу.

Мындай фактылар Филип үчүн маанисиз болчу. Ал Машаякты тапкандыгы үчүн абдан кубанып жатты. Анын кубанчы Натанаелдин күмөн саноосун жеңди. Ал ар кандай аргументтерге карата: «Өзүң барып көр!» - деп айтты. Жакшы Кабар таратуунун бул урааны чындыкты көрүүнүн негизи. Ыйса жөнүндө талашып-тартышпа, андан көрө Анын күчүн жана мамилесин сезип, татып көр. Биздин күбөлөндүрүүбүз кыялданууларга негизделген эмес, ал чыныгы Теңир болгон Адамга негизделген.

Сыйынуу: Урматтуу Теңир Ыйса, биздин жүрөктөрүбүздү Өзүңдүн кубанычың менен толтургандыгыңа рахмат. Башкаларды Сага алып келүү үчүн, Сени менен болгон таттуу мамилелешүүгө бизди бекемде. Сүйүүнүн чыдамкайлыгында Сен жөнүндө башкаларга айтып бергенге бизге каалоо бер. Сенин ысымыңды кайраттуулук менен жарыялоо үчүн, биздеги коркунучтарды, камаарабастыкты жана уялчаактыкты кечир.

СУРООЛОР:

  1. Биринчи шакирттер Ыйсанын ысымын кантип жарыялашкан?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:47 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)