Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 013 (The relation of the risen Christ to His flock)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Өлүп кайра тирилген Ыйсанын Өзүнүн үйүрүнө болгон мамилеси


ЖАКАН 10,27-28
«Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт».

Ыйса бардык элдин арасынан Өзүн ээрчигендерди «Менин койлорум» деп айтат. Алар Ага таандык, алар- Анын менчиги.

Менчигине кылган мамиле – ишенимдүү мамиле. Шакирттерин Ага таандык экендигин сезүү аркылуу жүрөктөрү менен Ага байланышы керек. Теңир болсо алар үчүн бардыгын пландаштырып кам көрөт. Соодагер өзүнүн пайдасын издегенден да артык кам көрөт. Ал аларга жакшы болуунун жолун издейт. Үйүргө жакшы болушу, ал үчүн кам көрүлүшү жана анын сакталышы Анан даңкы менен байланыштуу.

Куткаруучу кандай болсо, үйүрү да ошондой! Ыйсаны ээрчигендердин эң биринчи милдети – Машайктын сөзүнө кулак төшөө. Анын сөзү аларга таасир берип, жашоолорун өзгөртөт. Жакшы Кайтаруучунун Сөзү сооротот, көңүл көтөрөт, тарбиялайт, кечирет, жандандырат жана тынчтык берет. Жакшы Кайтаруучунун Өзүн көргөнгө караганда, Анын Сөзүн аткаруу маанилүүрөөк. Биз Аны көрбөсөк да, Ал Сөзү менен жүрөккө сүйлөйт. Анын үнүн угуп, сүйүп, кабыл алып, түшүнгөн адам Анын короосунда экендигине бекем ишенсе болот. Анын үнүн угуу тандалып алынгандыкты, чакырылгандыкты, куткарылгандыкты жана жаңы жашоо баштагандыкты билдирет. Теңирдин үнүн укпай, кабыл албай, башка үндөрдү угуп, адашкан жерде жүрөк катууланып, рухий өлүм башталат. Чакырылган ыйыктар Анын үнүн угушат, көңүл бурушат жана түшүнүшөт. Кудайдын Уулунун үнү - бул Кудайдын бизге түздөн-түз ачылып бергендиги. Кудайдын үнүн пайгамбарлар гана укпастан, үйүрдөгү ар бир кой өзүнчө да, башка койлор менен да угуп ажырата алышат. Жакшы Койчу ар бир койду атынан билет. Ал үчүн алар - жөн эле жеңип алган бир нерсе эмес, тескерисинче, жөндөмдүүлүктөрү жана алсыздыктары менен кошо тандалып алынган инсандар; Койлоруна кандай тамак керек экендигин Кайтаруучу билет. Ал аларга кепшеп сиңирүү үчүн да убакыт берет. Аларга керек болгон тынчтыкты да берет. Ал козулар качан туулушу керек экендигин же жүндөрү качан кыркылышы керек экендигин билет.

Ал койлорду кайсы убакта чогултуу керек экендигин, чагылгандуу, бороондуу күндөрдө, же карышкырлар жакындаганда эмне кылыш керек экендигин билет; Ал үйүрдөгү койлордун ар бирин жакшы билет; Ал алсыздарды, жарадарларды жана жаңы туулгандарды да билет; Ал койлорун өздөрүнөн жакшы билет; Теңир Өз үйүрүн эртең менен да, кечинде да көчөлөрдү аралатып, транспорттон сактап, үйлөрдүн арасында да, эч ким жүрбөгөн жолдордо сактап жүрөт. Алар үчүн эң жакшы жолду издейт. Коркунуч туулган учурларда койлордун өзүн жибербестен, Өзү алдыда барат. Ал жыланды таягы менен өлтүрүп, итине үйүрдү чогултууга буйрук берет.

Койлор кимге ишенерин билишет. Алар жакшы Кайтаруучуну шектенбестен ээрчишет. Алар өздөрүн Ага ишенип тапшыруу менен жашай алышат. Алар Анын үнүн эле угуп тим болбостон, Анын артынан ээрчишет. Машайакчылардын ишенип тил алуусу – кадимки көрүнүш. Кайтаруучуну койлордун коңурсуган жыты, чаңы курчаган. Алардын маараганы Анын кулагына жагымдуу музыка сыяктуу угулат. Ал алардын үнүн тааныйт.

Куранда: «Мен тирилүү күнүндө Сени ээрчигендерди (Ыйсага ишенгендерди) ишенбегендерге караганда жогору коём», - деп жазылган (Ал. Имран 3,55). Мухамед Ыйсаны ээрчиген кээ бир машайакчылардын жүрөгү өзгөрүлгөндүгүн көргөн. Алардын жүрөгүндө боорукерлик жана ырайымдуулук болгон. Ыйсаны ээрчиген койлор өзгөрүлөт. Арык, оорулуу, жүдөгөн жана коркок кой тоюнуп, канагаттанып, дени сак болуп калат.

Ыйсанын короосунда кыйроо, жек көрүү, чыр-чатак, өлүм, коркунуч деген болбойт. Үйүрдө жакшы Кайтаруучунун тынчтыгы үстөмдүк кылат. Ууру же жалган кайтаруучу койлорду чакырса, койлор аны ээрчишпейт. Алар уурунун үнүн жакшы Кайтаруучунун үнүнөн айырмалай алышат. Алар чоочун үндү ээрчишпейт. Койлор өздөрүнүн Кайтаруучусуна гана ишенип, Аны ээрчишет. Жалган пайгамбарлар, Машайактын каршылаштары, жол башчылар, көз боёчулар, дин негиздөөчүлөр Ыйсага ишенгендерге эч кандай таасир бере алышпайт. Ыйсага ишенгендер жоош, момун, Өзү үчүн жашабаган жана Өзүнүкүн издебеген Койчусун таанышат.

Жалган кайтаруучулар өздөрүнө жакшы болуш үчүн, койлорду курмандыкка чалышат. Жакшы Кайтаруучу, тескерисинче, койлорго жакшы болуу үчүн, Өзүн курман кылды.

Бир күнү бир кайтаруучу койлорду сынагысы келди. Кайтаруучуга окшош болуш үчүн, ошондой жыттаныш үчүн, өзүнүн чапанын бир чоочун кишиге кийгизди. Ага койлорду кантип чакырууну да үйрөтүп, колуна таягын карматып койду. Бирок койлор алданышкан жок, оттоп жүрө беришти, аны көздөй чуркашкан жок. Алар чоочун кишини ээрчишкен жок. Алар өздөрүнүн Кайтаруучусуна көнүп калышкан жана Аны гана ээрчишет.

Эгерде койлор Кайтаруучусу менен жалган Кайтаруучунун үнүн арйырмалай билишсе, Ыйсаны ээрчигендер андан бетер жалган чакырыктардан жана чечимдерден, калпычылардан жана адаштыруучулардан качуулары керек.

Машайактын үйүрүнүн бир сыры – Анын Сө зүн угуп, үйрөнүп, сактап жана аткарып, кечирим алып, сооронуп, Анын жетектөөсү менен жашоодо. Ыйса: «Менин койлорум Менин үнүмдү угушат, Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет», - деп бекеринен айткан эмес.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)